Банк-агенттерди алдын ала тандоо өткөрүү жөнүндө

Istockphoto 2152298806 612x612

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары – Агенттик) Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн, өз алдынча уюштуруу-укуктук формадагы – депозиттерди коргоо боюнча агенттик болуп саналган юридикалык жак болуп эсептелет.

Мыйзамга ылайык Агенттик пайда табууну максат кылбаган көз карандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарга, укуктарга жана милдеттерге ээ. Агенттиктин негизги милдеттери болуп Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу, банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын жоюучусунун функцияларын жүзөгө ашыруу, ошондой эле көйгөйлүү карыз алуучулардын кайрылууларын кароо саналат.

Агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 200 токтому менен бекитилген «Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө» Жобого (мындан ары – Жобо) ылайык аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосунун башталгандыгын маалымдайт.

Банк-агенттерди алдын ала тандоо депозиттерди коргоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсация төлөөнү баштоо мөөнөттөрүн кыскартуу максатында жүргүзүлөт.

Алдын ала тандоого катышуу үчүн банк Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген кошумча талаптарга жооп берүүгө тийиш:

  • депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу болгон банк болууга;
  • капиталдын жетиштүүлүгү жана өздүк капиталдын деңгээли Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жооп берүүгө;
  • кепилденген учур келип чыккан күнгө чейинки акыркы 6 ай ичинде ага карата Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында каралган таасир этүү чаралары, эскертүүлөрдү кошпогондо, колдонулбаган болууга;
  • компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн депозиттердин географиялык түзүмүнө салыштырмалуу филиалдык тармакка ээ болууга.

Жобонун талаптарына ылайык депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу болгон банктар банк-агенттерди алдын ала тандоого катышуу жөнүндө арызды тандоо жарыяланган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күнүнүн ичинде (2026-жылдын 18-июнуна чейин) берүүгө укуктуу.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоону өткөрүүнүн акыркы күнү 2026-жылдын 30-июну экендигин маалымдайбыз.

Алдын ала тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берүү зарыл:

  1. банк жөнүндө кыскача маалымат;
  2. банк-агенттерди тандоого катышуу жөнүндө арыз (форма тиркелет);
  3. банк жеңүүчү деп табылган учурда, Жободо каралган шарттарда аманатчыларга компенсацияларды төлөө тартиби жана отчетторду берүү жөнүндө Агенттик менен үч жылдык мөөнөткө келишим түзүү боюнча банктын милдеттенмеси;
  4. аманатчыларга компенсацияларды төлөө процессин уюштуруу боюнча банктын сунуштары;
  5. Жободо каралган башка документтер жана маалыматтар.

Арыз Агенттиктин дарегине төмөнкүдөй белги коюлган конвертте жөнөтүлөт:
«Конкурстук комиссияга. Алдын ала тандоого».

Суроолор болсо же кошумча маалымат алуу зарыл болгон учурда төмөнкү байланыш маалыматтары аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз: тел.: 0556 61-62-80, электрондук почта: s.shergaziev@deposit.kg.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.