БАНКРОТ БОЛГОН БАНКТЫН АМАНАТЧЫЛАРЫНА КОМПЕНСАЦИЯЛАРДЫ ТӨЛӨНҮШҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Агенттик иштеген мезгил ичинде 2015-жылы ”Ысык-Көл“ Инвестбанк ААКка жана ”Манас Банк“ ЖАКка карата эки кепилденген учур келип чыккан.
Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 18-июнундагы чечими менен “Ысык-Көл инвестициялык банкы” ААК кудуретсиз (банкрот) деп табылып, атайын администрациялоо жол-жобосу козголуп, атайын администратор – Банкты реорганизациялоо жана карызды реструктуризациялоо боюнча агенттик дайындалган (DEBRA).
2015-жылдын 1-июлундагы № 11 токтомуна ылайык Агенттиктин Директорлор кеңеши ”Ысык-Көл” инвестициялык банкы ААКтын аманаттары боюнча компенсацияларды төлөбөй коюу жөнүндө чечим кабыл алган, анткени жеке адамдар — аманатчылар «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык корголууга жатпай турган банктын инсайдерлери жана аффилирленген жактары болуп чыккан.
КРУБ Башкармасынын 2015-жылдын 7-июлундагы №37/1 токтомуна ылайык Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 6-июлундагы чечиминин негизинде ”Манас Банк“ ЖАКта консервация режими токтотулуп, «Манас Банк» ЖАКты кудуретсиз (банкрот) деп таануу жөнүндө атайын администрациялоо жол-жобосу киргизилген .
Агенттиктин Директорлор кеңеши 2015-жылдын 5-августундагы №13 жана 14-токтомдоруна ылайык ”Манас Банк“ ЖАКтын аманаттары боюнча компенсацияларды Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин кассасы аркылуу төлөп берүү чечимин кабыл алды.
“Манас Банк” ЖАКтын атайын администратору Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине 2015-жылдын 7-июлуна карата “Манас Банк” ЖАКта жайгаштырылган депозиттер тууралуу маалымат берген.
2015-жылдын 10-августунан тартып “Манас Банк” ЖАКтын аманатчыларына компенсацияларды төлөп берүү ишке ашырылып жатат.
2022-жылдын 31-декабрына карата Агенттиктин банкрот болгон банктын аманатчыларынын алдындагы милдеттенмелери 208 833 сом 93 тыйынды түзөт. Аманатчылардын компенсация алуу үчүн кайрылбагандыгынын себептеринин бири банкрот болгон банктын депозиттик эсептеринин бир бөлүгү “уктап жаткан” эсептер болуп чыкты. (Маалымат үчүн, “Уктап жаткан эсеп” – бул ээлери ондогон жылдар бою аманаттары тууралуу эстейбей жүргөн, , ошондой эле аларды барып алуу үчүн кымбатка турган майда калдыктар түрүндө талап кылынбаган эсептердин калыптанган аталышы).
Компенсациялардын төлөнүшүн оптималдаштыруу жана натыйжалуулугуна жетүү максатында Агенттик «Манас Банк» ЖАКтын аманатчыларына почта аркылуу билдирүүлөр жөнөтүлгөн. Агенттик аталган банкрот болгон банктын аманатчыларына Агенттиктин кассасы аркылуу компенсацияларды төлөп берүү иштери улантылып жаткандыгы тууралуу жарыяны респбликалык гезитте жана расмий сайтта да улам жарыялап турат.
Агенттик Мыйзамга ылайык айына эки жолу «Манас Банк» ЖАКтын атайын администраторуна төлөмдөр боюнча дайындарды туруктуу негизде берип турат.
Маалымат үчүн: Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын 2023-жылдын 23-июнундагы № 7425-к буйругу менен ”Манас Банк“ ЖАКтын ишмердүүлүгү токтотулуп, банкты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгаруу жөнүндө жазуу киргизилген.