Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча Агенттиги Финансы кызматына бухгалтер-кассир бош кызмат ордуна талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт.
Талаптар:
- бухгалтердик эсеп, финансы, экономика тармагында жогорку билим,
- бухгалтердик жумушта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Мамлекеттик сатып алуулар тармагында иш тажрыйба;
- бухгалтердик эсеп жана мамлекеттик сатып алуулар тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларын билүү;
- бухгалтердик эсеп жана “1С” программалык камсыздоо боюнча квалификациялык сертификаттардын болушу;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамалекеттик сатып алуулар боюнча сертификатынын болушу;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деӊгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютердик сабаттуулукка жана оргтехникага, Microsoft жана «1С» керектүү программалык продуктыларына ээ болуу;
Шарттар:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет;
- үзгүлтүксүз корпоративдик окууту.
Жоопкерчиликтер:
- кассадагы акчанын кыймылын бухгалтердик эсепке алуу;
- кассалык операцияларды эсепке алуу боюнча документ жүгүртүүнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык сатып алуу жол-жоболорун ишке ашыруу;
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтүменен);
- өмүр баян;
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- тиешелүүкесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү);
- аскердик каттоо документтеринин көчүрмөлөрү (аскер кызматына милдеттүүлөр жана аскер кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар үчүн);
- сунуш каттары (эгер бар болсо).
Документтер 2023-жылдын 19-июнунда 17.30 га чейин, иш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин 9.00 дөн 17.30 га чейин (тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин) Бишкек шаары, Москва көчөсү 190, 1 кабат, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча Агенттигинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0312 456 456