Радио Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда депозиттерди коргоо боюнча жаңы жоболор кандай иштейт? Эл ичинде жүргөн ар кандай сөздөргө карабастан, эмне үчүн улуттук валютадагы банктардагы аманаттар пайдалуу? Ушулар туурасында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча аткаруучу директорунун орун басары Нурлан Байбосунов айтып берди.
Sputnik Кыргызстан обосунда Байбосунов кыргызстандыктар банк системасына ишеним арта баштаганын белгилеп кетти. Бул акыркы 15 жыл ичинде аманаттарды коргоонун системасы түзүлгөнү менен байланыштуу. Банк сектору өзүнүн депозиттик базасынан 0, 05 пайыз каражат төгүү жолу менен Депозиттерди коргоо агенттигинин фондун жигердүү өнүктүрүүдө, жыйынтыгында ал 0,2 жылдык пайызды түзөт.
“Бүгүнкү күндө Депозиттерди коргоо боюнча агенттик жеке адамдардын гана эмес, юридикалык жакты түзбөстөн иштеген жеке ишкерлердин да каражаттарын коргоого алган. 10-июндан тартып депозиттер боюнча коргоо 5 эсе көбөйдү. Бир аманат боюнча максималдуу сумма 200 миң сомдон 1 000 000 сомго чейин өстү. Бул банк банкрот болгон учурда, аманатчы банка салган акчасын кайтарып алат жана ага эсептелген үстөк пайызды кошо алат деген сөз. Эгер кайсы бир кишинин банкта 100 миң сому болсо, ал 100 миң менен кошо үстөк пайызын алат. Эл эми аманат 1 000 000 сомдон ашуун болсо, анда аманатчы миллиондогон ашыгын банкрот банктан сот аркылуу регрестик тартипте кайтарып алат. Ошону менен бирге Кыргызстанда аманаттардын 98 пайызы 1 миллионго сомго чейин экенин белгилеп кетким келет.” – деп Байбосунов түшүндүрмө берди.
Бүгүнкү күндө улуттук валютадагы аманаттар кыйла пайдалуу, алардын пайызы 13төн 15,5ке чейин, ал эми чет өлкө валютасындагы чен курстун туруксуздугунан аз. Өткөн жылдын эсебинен Кыргызстанда эле бүтүндөй банк секторунун депозиттик базасы 41,2 пайызга өстү. Байбосунов акчаны депозитте сактоо алда канча пайдалуу экендигин баса белгиледи.
“Жарандардын депозиттери тике ички инвестиция экенин эстей жүрүү керек. Бизнес үчүн ушул акчанын кредиттери боюнча пайыздар чоң болушу мүмкүн, бирок бир катар тармактар үчүн ыгы бар. Тигүү цехтери, сооданын субъектилери сыяктуу эле бул акчаны бир нече жолу айланта алат. Алар өнүгүүгө алынган кредиттин өзөгүн кайтарып, пайздарды жапса болот. Жарандар акчасын депозит түрүндө салган сайын, өлкөнүн экономикасына “жаш кан” агылып киргендей болот. Жарандар депозиттер боюнча пайыздар инфляцияны да жабат, кошумча киреше дагы берет, ал эми акчаны “үйдө басып отуруу” пайдасыз, алардын кунун инфляция күнүгө жей берерин билиши керек,” – деп Байбосунов белгиледи.