КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 11-декабры N 687
Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы N 263, 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Бул Жобонун максаты банктар-резиденттер, чет өлкө банктарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык филиалдары (мындан ары — банктар), микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар Депозиттерди коргоо фондусуна төлөөгө тийиш болгон кириш төгүмдөрдүн, милдеттүү календардык жана өзгөчө учурлардагы төгүмдөрдүн өлчөмүн жана аларды төлөө тартибин аныктоо болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.3. Бул Жободо «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын түшүнүк берүүчү аппаратында баяндалган түшүнүктөр колдонулат.
- Төгүмдөрдү эсептөө тартиби
2.1. Банктар, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар Депозиттерди коргоо фондусуна ушул Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттө төгүмдөрдүн төмөнкү түрлөрүн төлөөгө тийиш:
— кириш төгүмү;
— (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
— календардык төгүм;
— өзгөчө учурларда төлөнүүчү төгүм.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.2. Жаңыдан түзүлгөн банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар, «өткөөл» банктан башкалар Депозиттерди коргоо фондусуна жаңыдан түзүлгөн банктар, жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу микрофинансылык компаниялар, тиешелүү түрдө турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капиталдын нормативинин бир пайызы өлчөмүндөгү суммада кириш төгүмүн төлөөгө тийиш. Банк кириш төгүмүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксатын алгандан кийинки жана лицензия берилгенге чейинки, микрофинансылык компания — лицензиясында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна чектөөлөр алынганга чейинки, ал эми турак жай-сактык кредиттик компания — айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейинки мезгилде төлөөгө тийиш. Банкты реструктуризациялоонун жүрүшүндө түзүлүүчү «өткөөл» банк кириш төгүмүн төлөөдөн бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. Уставдык капитал көбөйтүлгөн учурда банктардан, микрофинансылык компаниялардан, турак жай-сактык кредиттик компаниялардан кошумча мүчөлүк төгүмдөр алынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийим 3 иш күнүнөн кечиктирбестен Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке банкка банк ишин жүргүзүүгө лицензия, жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия, турак жай-сактык кредиттик компания тарабынан айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилгендиги жөнүндө маалымдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. Жаңыдан түзүлгөн банктардын кийинки календардык төгүмдөрү ушул Жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2.6. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.7. Иштеп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын төгүмдөрү «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген максаттуу маанилерге жетишүү үчүн банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызы деңгээлинде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. Депозиттик база жеке адамдардын жана юридикалык жактардын депозиттик эсептериндеги бир жыл мезгили үчүн ар күндүк баланстык калдыктардын орточо ар күндүк негизинде эсептелет. Чет өлкөлүк валютадагы депозиттерди эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөө ишке ашырылчу кварталдын акыркы күнүнө карата эсептик курсу колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы N 263 токтомунун редакциясына ылайык)
2.9. Төгүмдөрдү төлөө үчүн кептөө мезгили болуп төлөм жүзөгө ашырылган чейрекке чейинки чейректе (эсептешүү чейреги) бүткөн жыл саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы N 263 токтомунун редакциясына ылайык)
2.10. Эсептешүү мезгилиндеги эсептешүү базасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Rb = (R1/2 + R2 + ………. Rn/2) / (n-1),
мында:
R1 — эсептешүү мезгили андан башталган чейректин 1ине карата депозиттик эсептердеги акча каражаттарынын калдыгынын суммасы;
R2 — эсептешүү мезгили андан башталган чейректин 2сине карата депозиттик эсептердеги акча каражаттарынын калдыгынын суммасы;
Rn — эсептешүү мезгилинен кийинки чейректин 1ине карата депозиттик эсептердеги акча каражаттарынын калдыгынын суммасы;
n — эсептешүү мезгилиндеги календардык күндөрдүн саны (эсептешүү мезгилинин биринчи күнүнөн эсептешүү мезгилинен кийинки чейректин биринчи күнүн кошо алганда).
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы N 263 токтомунун редакциясына ылайык)
2.11. Эсептешүү чейрегинде Депозиттерди коргоо фондусуна төлөнүүгө тийиш төгүмдүн суммасы, төмөнкү формула боюнча аныкталат:
S = Rb * (Р/4),
мында
S — эсептешүү чейрегинде Депозиттерди коргоо фондусуна төлөнүүчү төгүмдөрдүн суммасы;
Rb -эсептешүү мезгилиндеги эсептешүү базасы;
Р — төлөмдөрдүн пайыздарда туюндурулган чени (ставкасы).
2.12. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.13. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.14. Жаңыдан түзүлгөн банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн биринчи календарлык төгүм банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасын 1/360ка, жылдык 0,2 пайызга жана банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык компания депозиттерди коргоо системасына кабыл алынган күндөн тартып эсептешүү кварталы аяктаганга чейин калган күндөрдүн санына көбөйтүү жолу менен эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2.15. Кепилдикке алынган учур келип жеткен банктар, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн төгүмдөр, кепилдикке алынган учур келип жеткен күнгө карата эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2.16. Календарлык төгүмдөр кварталдык негизде, эсептешүүчү кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы N 263, 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.17. Депозиттерди коргоо фондусунун каражаттары «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабына ылайык учурдагы милдеттенмелердин ордун жабуу үчүн жетишсиз болсо, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор кеңеши төгүмдөргө карата төмөндө келтирилген чаралардын бирин же бир мезгилде бир нечесин колдоно алат:
1) жыл сайын төлөнүүчү төгүмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү, бирок ушул Жобонун 2.7-пунктунда белгиленген деңгээлинен төгүмдүн эки эселенген ченинен ашпаган өлчөмдө;
2) өткөн жылдагы төгүмдөрдүн суммасынан ашпаган бир жолку төлөнүүчү атайын төгүмдөрдү белгилөө.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.18. Банктар, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар тарабынан өзгөчө учурларда төлөнүүчү төгүмдөрдүн өлчөмү жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор кеңешинин чечими менен аныкталат. Төгүмдөрдү көбөйтүү же өзгөчө учурлардагы төгүмдөрдү төлөө жөнүндөгү ар кандай чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жактыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2.19. Атайын бир жолку өзгөчө учурлардагы төгүмдөрдү төлөө банктарды, микрофинансылык компанияларды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды милдеттүү календардык төгүмдөрдү төлөө милдеттенмесинен бошотпойт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2.20. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги төгүмдөрдүн өлчөмүнүн өзгөртүлгөндүгү тууралуу банктарга, микрофинансылык компанияларга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга эсептешүү ишке ашырылган чейректин акыркы күнүнө чейин 30 күн мурда маалымдоого милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Корутунду жоболор
3.1. Катышкан банктар, катышкан микрофинансылык компаниялар, катышкан турак жай-сактык кредиттик компаниялар депозиттик базанын ар күнкү калдыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке берилчү отчеттун формасынын тартибинде жана мөөнөттөрүндө маалыматтарды берүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы N 263, 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.2. Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрдүн суммасын эсептөөнүн тууралыгын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо боюнча агенттик катышуучу банктар, катышуучу микрофинансылык компаниялар, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниялар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке беришкен депозиттик база жөнүндө маалыматтардын негизинде эсептөөлөрдү жүргүзүү жолу менен контролдойт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы N 263 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Депозиттик базаны аныктоо тартибине өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда депозиттик базаны аныктоонун жаңы тартиби ошол өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген чейректен кийинки эсептешүү мезгилинен тартып колдонулат.
3.4. Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү катышуучу банк, катышуучу микрофинансылык компания, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компания ушул Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө төлөшөт, ал эми катышуучу банк, катышуучу микрофинансылык компания, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компания төгүмдү төлөбөгөн же толук төлөбөгөн учурда акцепттик эмес тартипте эсептен чыгарылат, бул Депозиттерди коргоо боюнча агенттик менен катышуучу банктын, катышуучу микрофинансылык компаниянын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниянын ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш. Төгүмдү акцепттик эмес тартипте эсептен чыгаруу мүмкүн болбогон учурда катышуучу банктын, катышуучу микрофинансылык компаниянын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниянын карызынын суммасына «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте үстөк эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
3.5. Эгерде депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусу, катышуучу микрофинансылык компания, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компания депозиттерди коргоо системасына мүчөлүк акыны төлөбөсө же аны өз убагынан өткөрүп же болбосо толук эмес өлчөмдө төлөсө, ага «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген жоопкерчилик чаралары колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.6. Банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын бир эсептешүү мезгили үчүн Депозиттерди коргоо фондусуна төгүлүүчү төгүмдү эсептөөнүн шарттуу мисалы, ушул Жобонун тиркемесинде келтирилген.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобого |
Банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын бир эсептешүү мезгили үчүн Депозиттерди коргоо фондусуна төлөнүүчү төгүмдү эсептөөнүн
ШАРТТУУ МИСАЛЫ
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы N 263, 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңүздар!
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтому менен тиркеменин расмий тилдеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди
Банк, микрофинансылык компания, турак жай-сактык кредиттик компания Депозиттерди коргоо фондусуна (календардык) төгүмдөрдү эсептөөнү «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн («Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 13-августунда күчүнө кирген) кийинки чейректен, б.а. 2008-жылдын 1-октябрынан тартып жүргүзөт.
Банктардын, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрүнүн чендери депозиттик базанын Р = 0,2 пайызы өлчөмүндө белгиленген, демек төгүмдөрдүн чейректик чени депозиттик базанын 0,05 пайызын түзөт.
Төгүм эсептешүү чейрегинен кийинки айдын 15инен кечиктирилбестен, чейрек сайын төлөнөт.
Депозиттик база жеке адамдардын жана юридикалык жактардын депозиттик эсептериндеги күндүк баланстык калдыктардын бир жыл мезгили үчүн орточо күндүк негизинде аныкталат (ушул Жобонун 2.10-пунктуна ылайык).
Rb = (2007-жылдын 1-октябрына карата депозиттик эсептердеги акча каражаттарынын калдык суммасы / 2 + 2007-жылдын 2-октябрына карата депозиттик эсептердеги акча каражаттарынын калдык суммасы + ……. + 2008-жылдын 1-октябрына карата депозиттик эсептердеги акча каражаттарынын калдык суммасы (Мыйзам күчүнө кирген күндөн кийинки чейрек) / 2) / (367-1)
Эсептешүү чейреги үчүн Депозиттерди коргоо фондусуна төлөнүүчү төгүмдөрдүн суммасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
S = Rb * (0,2% / 4) = Rb * 0,05%
Ошентип, Депозиттерди коргоо фондусуна 2008-жылдын 15-октябрына чейин (биринчи эсептешүү мезгили үчүн) төлөнүүгө тийиш болгон төгүмдөрдүн суммасы Sке барабар.