КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2010-жылдын 25-ноябры N 298
Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Тиркелген: Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
«Эркин Тоо» газетасында 2010-жылдын 30-ноябрында N 109 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Жалпы жоболор
- Бул Жобо агент банктарды тандоонун жол жоболорун аныктайт, алар аркылуу Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары — Агенттик) кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп бере алат.
- Бул Жободо «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган түшүнүктөр колдонулат.
- Тандоо тартиби
- Кепилденген учур келгенде Агенттиктин Директорлор кеңеши тарабынан агент банктарды тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары — Конкурстук комиссия) түзүлөт, ага 5 адам кирет:
1) Агенттиктин Байкоочу органынан (мындан ары — Директорлор кеңеши) эки өкүл, мында бирөө — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, кызмат орду боюнча Конкурстук комиссиянын төрагасы, экинчиси — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары КР УБ), кызмат орду боюнча Конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары болот;
2) Агенттиктен эки өкүл;
3) КР УБ банктык көзөмөлдөө башкармасынан бир өкүл.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Агент банктарды тандоо иштеп жаткан банктарга тандоо жүргүзүү башталаары тууралуу кабар жөнөтүү жолу менен ишке ашырылат.
- Катышуучу банктар Агент банктарды тандоо башталаары тууралуу кабарды алган күндөн тартып 3 күндүн ичинде агенттикке тандоого катышуу жөнүндө арыздарын берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- Бир же бир нече агент банкты ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык Конкурстук комиссия тандайт.
- Бир кепилденген учурга бир агент банк, ал эми бир нече кепилденген учур келгенде бир нече агент банк тандап алынат.
- Банкта, микрофинансылык компанияда, турак жай-сактык кредиттик компанияда кепилденген учур келгенде төмөнкүдөй учурда бир нече агент банк тандап алынышы мүмкүн, эгерде:
1) Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында кеңири филиалдык тармагы бар болсо;
2) аманатчылардын саны көп болуп жана бир агент банк аманатчыларга төлөнүүчү компенсацияларды белгиленген мөөнөттө төлөп бере албаса.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Конкурстук комиссия арыз берүү бүткөн күндөн тартып 3 күндүн ичинде банктар тарабынан банктарды тандоого катышуу үчүн Агенттик белгилеген форма боюнча берилген арыздарды (ушул Жобонун 1-тиркемеси) карап чыгып, жыйынтыгында эң ылайыктуу болгон 3 банк тандалат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- Агент банкты тандоодо кошумча критерий болуп кепилденген учур келген банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчыларына компенсацияларды төлөөнү мыкты уюштуруу боюнча банктын сунушу эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Тандоонун жыйынтыгы боюнча Конкурстук комиссия бир же бир нече ылайыктуу банктардын кандидатураларын Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө берет.
- Тандоодо жеңүүчү банктардын саны бирден үчкө чейин болушу мүмкүн жана алар менен аманатчыларга компенсация төлөө жана отчетторду берүү жөнүндө келишим түзүлөт (ушул Жобонун 2-тиркемеси).
- КР УБ белгилеген кошумча талаптарга ылайык келбей калган учурда Агенттиктин Директорлор кеңеши конкурсту ишке ашкан жок деп эсептеши мүмкүн.
- Тандоонун жыйынтыгы жөнүндө маалымат Агенттиктин Директорлор кеңеши тарабынан жеңүүчү деп бекитилген банкка 3 күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- Компенсацияны төлөө процедурасы башталган датага чейин 7 күндөн кечиктирбестен Агенттик агент банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын юридикалык дарегин жана жайгашкан жерин, компенсациялык төлөөлөрдү ишке ашыруунун күнүн, убактысын, формасын жана тартибин басма сөз органында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялайт. Ал маалымат ошондой эле республикалык гезитте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланууга, агент банктын жана кепилденген учур келген банктын борбордук (башкы) офисинин, алардын филиалдарынын, сактык кассаларынын кире беришинде жайгаштырылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Тандоого катышуу үчүн төлөм алынбайт жана банктардын аманатчыларга компенсациялык төлөөлөрдү берүүгө байланыштуу чыгымдары Агенттик тарабынан компенсацияланбайт.
III. Агент банктарга талаптар
- Тандоого катышуу үчүн банк төмөнкү талаптарга жооп берүүгө милдеттүү:
1) депозиттерди коргоо системасына катышкан банк болууга;
2) капиталдын адекваттуулугуна жана КР УБ талаптарына жооп берген өздүк капиталынын деңгээлине ээ болууга;
3) кепилденген учур келгенге чейинки акыркы 6 айдын ичинде ага карата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган таасир көрсөтүү чаралары колдонулган эмес;
4) компенсациялык төлөөлөрдү ишке ашыруу үчүн кепилденген депозиттердин географиялык түзүмүнө тете филиалдык тармагы болушу керек;
5) КР УБ тарабынан коюлган кошумча талаптарга ылайык болушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 токтомунун редакциясына ылайык)
- Корутунду жоболор
- Агент банктар борбордук (башкы) офистерине, филиалдарына жана сактык кассаларына компенсациялык төлөөлөрдү ишке ашыруу формасы жана тартиби жөнүндө маалыматты жайгаштырышат.
- Агенттик менен агент банктын ушул Жободо жөнгө салынбаган мамилелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдары менен жөнгө салынат.
1-тиркеме |
Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоого катышууга
АРЫЗ
Муну менен _______________________________________________________
(банктын аталышы, толук банктык реквизиттери)
Уставдын негизинде иштөөчү ____________________________________________
(аты-жөнү, кызматы),
аркылуу (мындан ары — банк), Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамынын негизинде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүүнү ишке ашыруу үчүн банктарды тандоого катышууга өзүнүн каалоосун билдирет.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөр маалымдалат:
1) банк депозиттерди коргоо системасына катышуучу банк болуп саналат;
2) ____-ж. «__» _________ баштап жеке адамдардын акча каражаттарын аманатка тартуу боюнча иш жүргүзөт (лицензиянын көчүрмөсү тиркелет);
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан отчеттук айлык даталарга карата белгиленген милдеттүү ченемдерди акыркы 12 ай бою аткарууда;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жооп берген өздүк каражаттардын өлчөмүнө жана өздүк капиталдын деңгээлине ээ (тиркелет);
5) салыктар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча убактысы өтүп кеткен карыздары жок (маалымдамалар тиркелет);
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик-кассалык тейлөө боюнча чектелбеген лицензиясына ээ.
Агент банкты тандоонун жеңүүчүсү деп табылган учурда, банк Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жободо каралган шарттарда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен агент банктын ортосунда кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө келишим түзүүгө милдеттенет.
Тиркемелер:
1) банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиялардын көчүрмөсү _______ баракта;
2) салыктар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча убактысы өтүп кеткен карыздардын жоктугу тууралуу маалымкаттар _______ баракта;
3) милдеттүү нормативдер жөнүндө маалымат _______ баракта;
Банктын жетекчиси: _______________________________________________ колу, кол коюлган күн М.О.
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги менен агент банктын ортосунда кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө
КЕЛИШИМ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары — Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы № 567 «Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобонун негизинде аракеттенүүчү аткаруучу директор ________________ бир тараптан жана банктын Уставынын негизинде аракеттенүүчү _______________________ (мындан ары — агент Банк) экинчи тараптан, чогуу алганда «Тараптар» деп аталышып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
- Келишимдин предмети
- Бул Келишимдин предмети — Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жобого ылайык кепилденген учур келгенде депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болгон банк, катышуучусу болгон микрофинансылык компания, катышуучусу болгон турак жай-сактык кредиттик компания тарабынан аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби болот.
- Тараптардын милдеттенмелери жана укуктары
- Агенттик төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) кепилденген учуру келген банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчыларына компенсациялык төлөнүүгө тийиш болгон сумманы эсептөөгө жана түзүүгө;
2) кепилденген учур келгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн акча каражатты которуунун бекитилген графигине ылайык агент банкка акча которууга (ушул келишимге 4-тиркеме);
3) кепилденген учурга байланыштуу соттук териштирүү болгондо агент банкка бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылганга жана андан ары даттанууга жатпаган соттун акыркы чечими чыкканга чейин компенсация төлөбөй туруу жөнүндө кабарлоого. 30 күндү эсептөө соттун андан ары даттанууга жатпаган ушундай чечими чыккандан кийин башталат;
4) агент банктын юридикалык дарегин жана жайгашкан жерин, компенсациялык төлөөлөрдү берүүнүн күнүн, убактысын, формасын жана тартибин басма сөз органында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоого.
- Агент банк төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) кепилденген учуру келген банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчыларына компенсацияларды өз убагында төлөөгө;
2) төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө отчетту Агенттикке жума сайын, белгиленген формада берип турууга (ушул келишимге 1-тиркеме);
3) компенсациялык төлөөнү берген учурда аманатчыга ага берилүүгө тийиш болгон компенсация жөнүндө көчүрмөнү берүүгө (ушул келишимге 2-тиркеме);
4) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) компенсациялык төлөөлөр башталган күндөн бир жыл өткөндөн кийин аманатчылардын талап кылынбаган жана төлөнүп берилбеген каражаттарын 3 иш күндүн ичинде Агенттикке кайра берүүгө;
6) компенсациялык төлөөлөрдү ишке ашыруу тартиби жөнүндө маалыматты борбордук (башкы) офистин кире беришинде жана операциялык залдарга, филиалдарга, сактык кассаларга жана башка жерлерге жайгаштырууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчыларына компенсациялык төлөөлөрдү берүүгө багытталган башка талаптарды аткарууга милдеттүү.
- Агенттиктин укуктары:
1) агент банк аманатчыга төлөп берген компенсациялык сумманын тууралыгын аныктоого;
2) төлөнгөн компенсациялык суммалар жана алар боюнча калган калдык каражаттар жөнүндө маалыматтарды сурап турууга;
3) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди «адалдоо» жана/же террорчулукту каржылоо фактысы боюнча жазык иши козголгон аманатчыга карата жазык иши токтогонго же сот тарабынан акыркы чечим чыгарылганга чейин ага депозит боюнча компенсация төлөөнү токтотуп турууга;
4) ушул Келишимдин II бөлүмүнүн 3-пунктунун 5-пунктчасы аткарылбаган учурда эртеси күнү Агенттиктин төлөнүп берилбеген жана талап кылынбаган акча каражаттарын агент банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебинен акцепттик эмес түрдө чыгарып салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төлөм документин жөнөтүүгө.
- Агент банктын укуктары:
1) кепилденген учуру келген банктын аманатчысы менен тараптарды канааттандыруучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда келишим түзүүгө;
2) компенсациялык төлөөнүн өлчөмү (суммасы) жөнүндө талаш пайда болгондо аманатчыга зарыл документтерди тапшыруу менен Агенттикке кайрылуу укугу жана кайрылуу тартиби жөнүндө маалымат берүүгө;
3) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Тараптардын жоопкерчиликтери
- Тараптар өздөрүнүн ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарышпаган учурда күнөөлүү Тарап Келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
- Аманатчыларга «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталчу компенсациялык төлөө өз убагында башталбаган учурда, агент банк аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон сумманын кечиктирилген ар бир күнү үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген жылдык эсептик ставканын өлчөмүндө үстөк төлөйт.
- Компенсациялык сумма аманатчыга өз убагында төлөнбөсө агент банк Агенттикке кечиктирилген ар бир күн үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген жылдык эсептик ставканын үч эсе өлчөмүндө үстөк төлөйт.
- Төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө отчетторду берүү милдеттенмеси аткарылбаган учурда агент банк ар бир ушундай берилбеген же кечиктирилген учур үчүн 100 (жүз) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып төлөйт.
- Тараптардын бирөөсү Келишимдин жарактуулук мөөнөтүнө карабастан экинчи Тараптын коммерциялык, банктык жана мыйзам тарабынан корголуучу сырды түзгөн маалыматтарын ачыкка чыгарган учурда күнөөлүү Тарап Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
- Бышмананын (айыптын, үстөктүн) суммасын төлөө Тараптарды Келишим боюнча өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан бошотпойт.
- Форс-мажор
- Эгер Тараптар өздөрүнүн ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аны аткарууга мүмкүндүктү жок кылган табигый кырсыктын ж.у.с. ал жеткис күчтүн кесепетинен аткарышпаса жана/же тийиштүү түрдө аткара алышпаса, аны аткарбагандык үчүн жоопкерчиликтен ошол кесепеттин убагында бошотулушат.
- Ушул Келишимдин IV бөлүмүнүн 12-пунктунда айтылган жагдайлар болгон учурда Келишим боюнча өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгү болбой калган Тарап аталган жагдай башталган убактан тартып беш календарлык күндөн кечиктирбестен экинчи Тарапка өз милдеттерин аткарууга тоскоол болгон жагдайдын башталышы жана аякташы жөнүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген ырастоочу документти кошо берүү менен кабарлоосу керек. Кабарлоо жагдайдын мүнөзү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ал Тараптын ушул Келишим боюнча өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө тийгизген таасирин баалоону мүмкүн болушунча камтуусу керек.
- Өзгөчө шарттар
- Келишим боюнча Тараптардын ортосунда берилип турууга тийиш болгон бардык маалыматтар билдирүүлөрдү жиберишүү жолу менен төмөнкүчө берилип турат:
— почта же бирөө аркылуу (тапшыруу жөнүндөгү атайын белгиси болгондо тапшырылган болуп эсептелет);
— факс;
— телефон (жиберүүчү датасын, убактысын телефонограмманы алган адамдын аты-жөнүн жана кызмат ордун жазат, ал эми алуучу датасын, убактысын, телефонограмманы берген адамдын аты-жөнүн жана кызматын жазат);
— электрондук байланыш каналдарынын жардамы менен.
- Саат 17.00дөн кийин жөнөтүлгөн билдирүүлөр кийинки иш күнү алынды деп эсептелет. Жума күнү же майрам күндөрдүн алдында саат 17.00дөн кийин жиберилген билдирүүлөр дем алыш же майрам күндөрдөн кийинки биринчи иш күнү алынды деп эсептелет.
- Агент банктын ушул Келишим боюнча укуктары жана милдеттери үчүнчү тараптарга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
- Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кошумча макулдашуулар менен таризделет жана эки Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлат.
- Тараптардын аталыштары жана реквизиттери өзгөргөн учурда Тараптар ал жөнүндө мындай өзгөрүүлөр мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып беш иш күндүн ичинде бири-бирине жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттенишет.
- Бул Келишимде жөнгө салынбаган бардык кайчы пикирлерди Тараптар эки Тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен сүйлөшүү аркылуу чечишет. Сүйлөшүү жолу аркылуу макулдашууга жетишилбеген учурда пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
- Башка шарттар
- Бул Келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын өз ара макулдашуулары менен токтотулат.
- Бул Келишим 2 нускада (ар бир Тарап үчүн бирден) түзүлдү жана экөө тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Тараптардын реквизиттери
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 720010, Бишкек ш.Москва көчөсү, 190 КРУБ эсеби N 1010100038900185; Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги «Депозиттерди коргоо фонду» эсеби E-mail: azdkr@mail.ru Тел.: , факс: | Агент банк |
Агенттик үчүн: | Агент банк үчүн: | |
Аткаруучу директор | ||
______________________________ |
1-тиркеме
Төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө
ОТЧЕТ
N | Аманатчынын аты-жөнү | Эсептин номери | Келишим | Негизги карыздын суммасы (сом) | Пайыздардын суммасы (сом) | Жыйынтыгында төлөөгө (сом) | Компенсациянын суммасы (сом) | Компенсация төлөнгөн күн | ||||
Келишимдин N | Кол коюлган датасы | Бүткөн күнү | ||||||||||
Төлөндү | Төлөөгө | |||||||||||
1 | ||||||||||||
2 | ||||||||||||
3 |
«Төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө отчет» тиркемени толтуруу тартиби
Отчеттун бул формасында: аманат ээсинин аты-жөнү, аманатчынын депозиттик эсеби ачылган банктагы алыш-бериш эсебинин номери, келишим түзүлгөн жана аяктоо датасы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. «Негизги карыздын суммасы (сом)» графасында төлөнүүчү депозиттин суммасы ал боюнча салынган проценттери көрсөтүлбөстөн жазылат. Проценттердин суммасы «Төлөндү» жана «Төлөөгө» подграфаларында жазылат жана аларда проценттердин банк, микрофинансылык компания, турак жай-сактык кредиттик компания төлөгөн суммасы жана төлөнүүгө тийиш болгон проценттердин суммасы көрсөтүлгөн. «Жыйынтыгында төлөөгө (сом)» графасында негизги карыздын жана төлөө үчүн кошулган проценттин суммасы көрсөтүлөт. «Компенсациянын суммасы (сом)» графасында Агенттик аныктаган жана аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон сумма көрсөтүлөт.
2-тиркеме
Компенсациялык сумманы төлөө боюнча
КӨЧҮРМӨ
Агент банктын аталышы (филиал):
Мезгил:
Аманатчынын аты-жөнү:
Аткаруучунун коду:
Валютанын түрү: Кыргыз сому
Датасы | Өздүк эсеп | Аткаруучу | Төлөнгөн компенсациянын суммасы |
Жетекчинин колу: _____________________
М.О.
Аткаруучунун колу: ___________________
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Аткаруучу директоруна |
Талап коюу укугун өткөрүп берүү жөнүндө
АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн
2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
4-тиркеме
Аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн акча каражатты которуунун
ГРАФИГИ
Датасы | Жалпы сумма | 1-транш | 2-транш | 3-транш | 4-транш |
50% |
Түшүндүрмө:
Жалпы компенсациялык сумманын элүү проценти аманатчыларга компенсацияны төлөө үчүн агент банкка которулат. Калган кийинки транштар биринчи транштын сексен проценти өздөштүрүлгөндө которулат.