КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары,
2024-жылдын 8-апрели N 157
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
- Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин (мындан ары — Агенттик) укуктук жана уюштуруу негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, функцияларын аныктайт.
- Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги — өз алдынча уюштуруу-укуктук формасындагы көз карандысыз, коммерциялык эмес уюм — Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, ага «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктар, укуктар жана милдеттер тапшырылган.
- Агенттиктин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү бар. Агенттиктин расмий толук аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;
расмий тилде: Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики.
- Агенттиктин штампы, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланкы бар.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары — Министрлер Кабинети) жана коммерциялык банктардын, чакан финансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын төгүмдөрүнүн эсебинен Депозиттерди коргоо фондун толуктоо үчүн каралган Агенттиктин эсеби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (андан ары — Улуттук банк) ачылууга жана тейленүүгө тийиш. Агенттиктин операциялык чыгымдарга жана башка сарптоолорго арналган банктык эсептери коммерциялык банктарда ачылат.
- Агенттик өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын региондорунда өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.
2-глава. Агенттиктин милдеттери
- Агенттиктин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасында аманаттарды коргоонун натыйжалуу системасын камсыз кылуу;
2) Улуттук банктан мыйзамдарда белгиленген тартипте лицензия алган, төгүмдөрү кабыл алууну жүзөгө ашырган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын ликвидаторунун функцияларын аткаруу;
3) Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын кароо.
3-глава. Агенттиктин функциялары
- Депозиттерди коргоо боюнча агенттик төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) банк-катышуучулардын, чакан финансылык компания-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардын реестрин жүргүзөт;
2) аманатчылардын талаптарын, төлөөгө тийиштүү сумманы жана депозиттер боюнча компенсациялык төлөмдөрдүн суммаларын эсепке алууну жүзөгө ашырат;
3) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулган аманатчыларга аталган Мыйзамда аныкталган сумманы төлөп берет;
4) Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрдүн өлчөмдөрүн эсептейт жана төгүмдөрдү топтойт;
5) төгүмдөрдүн өз убагында жана толугу менен төлөнүшүн камсыз кылууга багытталган зарыл аракеттерди жүргүзөт;
6) төгүмдөр өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн айыптарды жана туумдарды белгилейт жана салат;
7) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана чектерде Депозиттерди коргоо фондунун активдерин башкарат;
8) мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет;
9) аманаттар боюнча компенсацияларды төлөөнү камсыз кылуу максатында агент банкты тандайт;
10) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төлөнгөн компенсацияларды жоюлуп жаткан банктардан, чакан финансылык компаниялардан жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардан Депозиттерди коргоо фондуна кайра ордунун толтурулушун камсыздайт;
11) аманатчыларга компенсациялык суммаларды төлөп берүү үчүн жетишсиз болгондо, зайымдык жана башка каражаттарды тартат;
12) ички контролду жүргүзөт;
13) депозиттерди коргоо системасы жөнүндө коомдун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
14) депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларын кепилденген учурдун келишине даярдыгын тесттен туруктуу негизде өткөрүп турат;
15) мыйзамдарда белгиленген тартипте банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын ликвидатору катары чыгат;
16) «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюунун жүрүшү жөнүндө алдын ала, учурдагы жана корутунду отчетту сотко, Улуттук банкка тапшырат;
17) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын карайт;
18) Улуттук банкка жана мамлекеттик бюджетке банктын укук улантуучулук тартибинде өткөрүлүп алынган карыздарын өндүрүп алуу боюнча агенттик кызмат көрсөтүүлөрдү келишимдик негизде жүзөгө ашырат;
19) банктарды жана финансы-кредиттик мекемелерди жоюу боюнча, ошондой эле Министрлер Кабинети бекитүүчү жободо каралгандай көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча депозиттерди милдеттүү коргоо системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн башка функцияларды жүзөгө ашырат.
4-глава. Агенттиктин ыйгарым укуктары
- Агенттик «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат.
- Агенттик зарыл болгон учурда «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартат.
- Милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Агенттиктин ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон келишимдерди түзүүгө;
2) «Банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы чакан финансылык уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган таасир көрсөтүү чараларын банктарга, чакан финансылык компанияларга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга карата көрүү сунушу менен Улуттук банкка кайрылууга;
3) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган милдеттерди аткарууда зарыл маалыматты алуу үчүн Улуттук банкка кайрылууга;
4) банктар-катышуучулардан, чакан финансылык компания-катышуучулардан, турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардан депозиттерди коргоо системасы жана алардын банк, чакан финансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар тарабынан аманатчыларга «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган формада жана тартипте кызмат көрсөтүлүүчү аймакта депозиттерди коргоо системасына катышуусу тууралуу маалыматты жайгаштырууну талап кылууга;
5) кепилденген учурга дуушар болгон банктын, чакан финансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын ликвидаторунан же убактылуу администраторунан Агенттик белгилеген форма боюнча жеке жактардын жана жеке ишкерлердин аманаттары жөнүндө маалыматтарды талап кылууга;
6) Агенттиктин ишин камсыздоо үчүн гана зарыл болгон кыймылсыз мүлктү, кыймылдуу мүлктү сатып алууга;
7) Улуттук банк менен бирдикте жана Улуттук банк менен макулдашылган тартипке ылайык аманаттар жөнүндө маалыматтарды жүргүзүүнүн белгилүү талаптарына, банктардын, чакан финансылык компаниялардын жана турак жай-сактык компаниялардын аманатчылар алдындагы милдеттенмелеринин көлөмүнө жана түзүмүнө шайкештигин аныктоо, Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрдү төлөө, ошондой эле «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген башка милдеттерди банктардын, чакан финансылык компаниялардын жана турак жай-сактык компаниялардын аткаруу маселелери боюнча банктын көйгөйлөрүн алгачкы стадиясында жөнгө салуу процессине катышууга;
8) «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банктын ликвидаторунун функцияларын аткаруу үчүн талапкер катары жалпы негизде катышууга;
9) Агенттик тарабынан банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын кароодо финансы-кредиттик уюмдардан зарыл болгон маалыматты алууга, ошондой эле анын компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон корутундуларды, экспертизаларды жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө Улуттук банкка кайрылууга;
10) «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатып өткөрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Улуттук банк менен макулдашылган көлөмдө жана шарттарда Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдаланууга.
- Улуттук банктан лицензия алган банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн Агенттик:
1) өзүнүн карамагына өткөн банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюу жол-жобосун жүргүзөт;
2) «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача белгиленбесе, жоюлуп жаткан банктын жана башка финансы-кредиттик уюмдун бардык башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына ээ болот жана анын юридикалык жак катары жалгыз мыйзамдуу өкүлү болуп саналат;
3) «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлуп жаткан банктын жана башка финансы-кредиттик уюмдун активдерин өндүрөт, сатып өткөрөт жана кредиторлор ортосунда каражаттарды кийин бөлүштүрүп чыгат;
4) Улуттук банктан лицензия алган банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча Агенттикке берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдардан, банктардан жана башка финансы-кредиттик уюмдардан, башка юридикалык жана жеке жактардан зарыл маалымат сурайт жана алат;
5) сот ликвидаторду аныктаган учурдан тартып, Агенттик:
— жоюлуп жаткан банкты же башка финансы-кредиттик уюмду өзүнүн карамагына алат, активдерди, эсептерди жана документтерди инвентаризациялайт, анын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
— мүлктү тескейт, кредиторлордун талаптарын болушунча канааттандыруу максатында жоюлуп жаткан банктын же башка финансы-кредиттик уюмдун бардык активдери менен укук ченемдүү бардык аракеттерди жасайт, жоюлуп жаткан банктын алдында карызды өндүрүүгө, ошондой эле анын мүлкүн жана активдерин издөөгө, табууга жана кайтарууга багытталган чараларды көрөт;
— Агенттикке берилген ыйгарым укуктар алкагында мамлекеттик органдардан, банктардан жана башка финансылык-кредиттик уюмдардан, башка юридикалык жана жеке жактардан зарыл маалымат сурайт жана алат;
— кредиторлордун талаптарынын негиздүүлүгүн текшерет жана талаптар негиздүү болбогон учурда, аларды толугу менен же жарым-жартылай четтетет, ошондой эле банктарды жана башка финансылык кредиттик мекемелерди жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу боюнча «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан келип чыккан башка функцияларды аткарат;
6) жоюлган банктардын кредиторлорунун талап кылынбаган каражаттарын бөлүштүрүү боюнча төлөмдөрдү жасайт;
7) жоюлган банктын акционерлери ортосунда каражаттарды андан ары бөлүштүрүү максатында талап укугун өткөрүп берүү келишими боюнча өткөрүп берилген кредиттерди өндүрөт;
8) ушул Жобонун 3-пунктунун 6 жана 7-пунктчалары боюнча жасалган иштер жөнүндө ар жылдык отчётту Улуттук банкка берет.
- Агенттиктин төмөнкүлөргө укугу жок:
1) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо көрсөтүлгөн милдеттерден, функциялардан жана ыйгарым укуктардан тышкары иш жүргүзүүгө;
2) юридикалык жактарды түзүүгө же алардын катышуучусу болууга;
3) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан тышкары, Министрлер Кабинетине, башка мамлекеттик органдарга, юридикалык жана жеке жактарга, коомдук уюмдарга кредит берүүгө, кандай формада болбосун финансылык жана финансылык эмес жардам көрсөтүүгө, ошондой эле Агенттиктин ишин камсыз кылууга байланышкан мүлктөн тышкары, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк сатып алууга.
5-глава. Агенттиктин башкаруу органдары
- Агенттиктин башкаруу органы болуп Директорлор кеңеши жана Агенттиктин аткаруучу органы (башкарма) саналат.
- Агенттиктин Директорлор кеңеши (мындан ары — Директорлор кеңеши) Агенттиктин жогорку башкаруу органы болуп саналып, жети мүчөдөн турат:
1) Министрлер Кабинетинин үч өкүлүнөн, анын ичинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындай турган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бир өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эки өкүлү (коллегия мүчөсүнүн деңгээлинде);
2) Улуттук банкынын башкармасы тарабынан дайындалуучу Улуттук банктын үч өкүлүнөн (Улуттук банктын башкармасынын мүчөлөрүнүн деңгээлинен төмөн эмес);
3) Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын биргелешкен чечими менен дайындалуучу банктык иштер жагындагы көз карандысыз эксперт.
- Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүнөн тышкары, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ишин акысыз негизде жүргүзөт. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүнүн эмгек акысы Директорлор кеңешинин чечими менен аныкталат.
- Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 2 мөөнөттөн ашуун кызматка дайындалбайт.
- Директорлор кеңешинин төрагасы жана Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен 2 жылдык мөөнөткө дайындалат.
- Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Директорлор кеңешинин төрагасынын орду бош турган же ал убактылуу жок болгон учурда, анын милдетин аткарат.
- Агенттиктин Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча Депозиттерди коргоо фондуна чегерилүүчү календардык жана өзгөчө учурлардагы төгүмдөрдүн өлчөмүн бекитүү;
2) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу жана аларды Министрлер Кабинетине бекитүүгө берүү;
3) Агенттиктин уюштуруу түзүмүн бекитүү;
4) аткаруучу органдын (башкарманын) регламентин бекитүү;
5) Агенттиктин ички аудиторун/ички аудит кызматынын, тобокелдик-менеджерин/тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчилерин, корпоративдик катчысын дайындоого/бошотууга талапкерлерди жактыруу, алардын отчетторун угуу;
6) аткаруучу органдын (башкарманын) мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча кошумча талаптарды орнотуу;
7) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча кепилденген учур келгенде, аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
8) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча инвестициялык саясатты аныктоо, Агенттиктин контрагенттери боюнча чектөөлөрдү белгилөө;
9) Агенттиктин бюджетин жана анын аткарылышы боюнча отчетту бекитүү;
10) Агенттиктин жылдык отчетун бекитүү;
11) Агенттиктин аткаруучу директорунун отчетун жыл сайын угуу;
12) Агенттиктин кызыкчылыктар кагылышы боюнча комплекстүү саясатын бекитүү;
13) тышкы аудитти жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордук уюмду жыл сайын аныктоо, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Агенттикте жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын алуу;
14) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык милдеттенмелерди жабуу үчүн Агенттиктин карыз алуусуна макулдук берүү;
15) депозиттерди коргоо системасы жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча Агенттиктин программасын бекитүү;
16) Агенттикти жана депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
17) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
- Директорлор кеңеши өзүнүн жыйналышында бекитилген регламентине ылайык жыйналыштарды өткөрөт. Директорлор кеңешинин жыйналышында кворум беш мүчөдөн турат. Чечим Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган шартта, Директорлор кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
- Директорлор кеңешинин кезексиз жыйналыштары Директорлор кеңешинин төрагасынын же болбосо Директорлор кеңешинин төрт мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө укугу жок.
- Директорлор кеңешинин катчысы ар бир чогулушта протокол жүргүзөт, ага Директорлор кеңешинин жыйналышка төрагалык кылган мүчөсү жана катчы кол коёт. Директорлор кеңешинин чечими төрага кол койгон токтом түрүндө кабыл алынат. Ар бир маселе боюнча добуш берүү ведомосту жүргүзүлөт, ага Директорлор кеңешинин чогулушка катышкан ар бир мүчөсү кол коёт жана ал Директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколунун бөлүгү болуп саналат.
- Директорлор кеңешинин чечимдери жана протоколдору туруктуу сакталат.
- Агенттиктин ишине жетекчиликти анын аткаруучу органы (башкармасы) жүзөгө ашырат.
Аткаруучу органдын (башкарманын) иш тартиби Директорлор кеңеши бекиткен Аткаруучу органдын (башкарманын) регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
Агенттиктин аткаруучу органына (башкармага) Агенттиктин аткаруучу директору жетекчилик кылат.
- Агенттиктин аткаруучу директору:
1) Агенттиктин Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерден тышкары, Агенттиктин ишине тиешелүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алат;
2) Агенттиктин учурдагы ишине жооп берет;
3) Агенттиктин ишинин маселелери боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, Агенттиктин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Агенттиктин кызматкерлерин ишке алуунун шарттарын, эмгек акы төлөө системасын, кызматтык милдеттерин жана укуктарын, кызматкерлер үчүн сыйлоо жана тартиптик жазалоо системасын аныктайт;
5) Агенттиктин зарыл иштерин жүзөгө ашыруу үчүн жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзөт;
6) бардык сот органдарында, мамлекеттик органдарда жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле жеке ишкерлер жана жарандарга карата Агенттиктин атынан чыгат жана анын таламын коргойт;
7) аткаруучу директордун орун басарлары кызматына дайындоого жана/же бошотууга сунуштоо үчүн талапкерлерди Директорлор кеңешинин кароосуна киргизет;
8) Директорлор кеңешинин жыйналышына катышат жана өзүнүн компетенциясына кирген тиешелүү маселелерди Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт;
9) Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Агенттиктин инвестициялык ишинин жүзөгө ашыруу жана аткаруу натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат;
10) Агенттиктин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.
- Агенттиктин аткаруучу директору жана анын эки орун басары Агенттиктин Директорлор кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары экиден ашуун мөөнөткө дайындалбайт.
- Аткаруучу директор жана анын орун басары төмөнкүдөй учурларда кызматтан бошотулушу мүмкүн:
1) өзүнүн арызы боюнча;
2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартууга алып келүүчү жосунду жасаганда;
3) кызматтык милдеттерин аткаруунун мүмкүн эместиги мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталганда;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
5) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана 19-беренелеринде каралган талаптарга ылайык келбегенде жана талаптарды аткарбаганда (бузганда);
6) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн аткаруучу директорду жана анын орун басарларын дайындаган адамга киргизген сунушу боюнча өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганда жана Агенттиктин кызыкчылыктарын бузган иштерди жасаганда.
- Агенттиктин аткаруучу директору жок болгон учурда анын милдеттери орун басарларынын бирине буйруктун негизинде жүктөлөт.
6-глава. Агенттиктин ишин уюштуруу
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу анын операциялык чыгымдары жана башка сарптоолору ар бир финансылык жылга төмөнкүлөрдүн эсебинен жабылат:
1) жылдын башына карата эсептелген Фонддо топтолгон каражаттардын жана Фондго кайтарылууга тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынан жылына 2 пайыздан ашпаган өлчөмүнүн;
2) Фонддун бош каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешенин 25 пайызынан ашпаган өлчөмүнүн;
3) Депозиттерди коргоо фондунун өлчөмү 15000000000 (он беш миллиард) сомго жеткенден кийин жылдын башына карата эсептелген Фонддо топтолгон каражаттардын жана Фондго кайтарылууга тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынан жылына 1 пайыздан ашпаган өлчөмүнүн;
4) «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банктын же башка финансы-кредиттик уюмдун ликвидаторуна сый акынын;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган агенттик кызмат көрсөтүүлөрдөн карыздарды кайтарып алуудан түшкөн комиссиялык сый акынын жана башка каражаттардын.
- Агенттик эсепти жана отчеттуулукту эл аралык финансылык отчеттуулуктун стандарттарына ылайык жүргүзөт жана жалпыга маалымдоо каражаттарына мезгилдүү жана тийиштүү формада жарыялайт, каалаган адамдын талабы боюнча ал маалыматты берет.
- Агенттиктин финансы-чарбалык ишин контролдоону ички аудит кызматы жүргүзөт.
- Агенттиктин жылдык отчету Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет.
- Агенттикке тышкы аудит жүргүзүү үчүн Директорлор кеңеши мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте финансылык жылдын аякташына 6 айдан кем эмес мөөнөт калганда көз карандысыз аудитордук уюмду аныктайт.