Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги методология жана анализ бөлүмүнүн жетектөөчү адиси бош кызмат ордуна талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт
Биздин сунуш:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- Туруктуу эмгек акы;
- Кызыктуу дагы, абройлуу тапшырмалар;
- Алдыңкы эксперттерден тажрыйба;
- Кесиптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өркүндөтүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү;
- Корпоративдик окуу;
- Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума, 8:30дан 17:30га чейин;
- Сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
- Экономикалык жогорку билим;
- Банк тутумунда/финансы уюмдарында 1 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын, финансылык анализдин негиздерин жана банктык тобокелдиктерди баалоо ыкмаларын билүү;
- Аналитикалык ой жүгүртүү, аналитикалык иш тажрыйбасы, башкаруу жана аналитикалык отчетторду даярдоодо жакшы көндүмдөр;
- Методикалык иш, ички ченемдик документтерди иштеп чыгуу тажрыйбасы;
- Жогорку компьютердик сабаттуулук, MS Office Excel программалары менен иштөө;
- Ири көлөмдөгү маалыматтарды системалаштыруу, чогултуу жана иштетүү боюнча жогорку көрсөткүчтөр;
- Көп тапшырманы аткаруу, стресске туруштук берүү, командада иштей билүү;
- Жоопкерчилик, баамчылдык, үзүрдүүлүк;
- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө.
Кандай милдеттерди аткарат:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө макроэкономикалык талдоо жүргүзүү;
- Аналитикалык отчетторду даярдоо, банк секторунун, микрофинансылык компаниялардын — Кыргыз Республикасынын депозиттерин коргоо системасынын катышуучуларынын абалына талдоо жүргүзүү;
- Аналитикалык отчетторду даярдоо, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондунун абалына талдоо жүргүзүү;
- Агенттиктин өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга катышуу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө;
- Агенттиктин ишмердүүлүгүнө жаңы продукцияларды, инструменттерди жана технологияларды иштеп чыгууда, ошондой эле Агенттиктин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтерди, усулдук жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгууда методикалык колдоо көрсөтүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- тиешелүү кесиптик билимин жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү);
- сунуш каттары (эгер бар болсо).
Документтер 2025-жылдын 28-мартында иш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин, 9.00дөн 17.30га чейин (тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин), Бишкек шаары, Москва көчөсү 190, 1 кабат, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0312 456 456
Байланыш маалыматы:
- телефон: +996 (312) 456456
- факс: +996 (312) 45 55 27
- deposit@deposit.kg
- https://www.deposit.kg/