НУСКАМА Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын отчетунун формасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Бишкек шаары, 2010-жылдын 25-ноябры № 297
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын отчетунун формасы жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин Тоо» газетасынын 2010-жылдын 30-ноябрында № 109 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын отчетунун формасы жөнүндө
НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2018-жылдын 1-мартындагы № 118, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Жалпы жоболор
- Бул Нускама Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банктарынын (мындан ары — банк), катышуучу микрофинансылык компанияларынын (мындан ары — МФК), катышуучу турак жай-сактык кредиттик компанияларынын (мындан ары — ТСКК) отчеттунун формасын, отчетту толтуруу тартибин, аларды камтуу мезгилин жана аны Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине (мындан ары — Агенттик) берүү мезгилин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Банк, МФК, ТСКК берүүчү отчеттун максаты Агенттик аманаттык саясатка талдоо жана мониторинг жүргүзүү жана Депозиттерди коргоо фондуна банктын, МФК, ТСКК мүчөлүк акысынын өлчөмдөрүн эсептөөнүн тууралыгы үчүн банктын, МФК, ТСКК аманаттык иши жөнүндө толук маалымат алуусу болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Банктын, МФК, ТСКК отчетунун мазмуну, мезгилдүүлүгү жана тапшыруу мөөнөтү
- Банктардын, МФК, ТСКК отчету бухгалтердик эсептин жана отчеттун маалыматтарынын негизинде түзүлүүчү, белгиленген формада жана белгилүү мезгил үчүн толтурулуучу банктын, МФК, ТСКК аманаттык операциялары жөнүндө маалыматтар түрүндө болот.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Отчеттун аталышы, мезгилдүүлүгү жана берүү мөөнөттөрү жалпыланган түрдө 1-тиркемеге ылайык Банктын, МФК, ТСКК отчетунун курамында келтирилген.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Банк, МФК, ТЖКК Агенттикке банктын, МФК, ТСКК бухгалтердик эсебинин бекитилген Эсептер планын берет жана ага Эсептер планына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалымдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Отчет берүү тартиби
- Банктын, МФК, ТСКК отчету Агенттикке ушул Нускаманын 2-7-тиркемелерине ылайык, кагаз же маалыматтын электрондук булактары менен жана электрондук байланыш системасы боюнча берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Банктын, МФК, ТСКК кагаз түрүндөгү отчету Агенттикке чапталган конвертте берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Отчеттун электрондук версиясы электрондук байланыш аркылуу Агенттиктин электрондук дарегине жиберилиши мүмкүн.
- Отчетто кандайдыр бир туура келбестиктер, каталар, туура эмес толтуруулар болсо же толук эмес берилген учурларда Агенттик аны оңдоо зарылдыгы жөнүндө банкка, МФК, ТСКК билдирүү жиберет. Оңдолгон отчет банктын, МФК, ТСКК коштомо каты менен бирге Агенттикке билдирүүнү алган учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Банктын, МФК, ТСКК отчетуна ошондой эле эс алуу жана майрам күндөрүндөгү маалыматтар киргизилет. Мында чет өлкө валютасындагы маалыматтарды камтыган отчеттор сомдук эквивалентте отчеттук кварталдын акыркы күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары — КРУБ) эсептик курсу боюнча түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Банктын, МФК, ТСКК отчету бекитилет, мөөр басып күбөлөндүрүлөт, банктын, МФК, ТСКК жетекчисинин, башкы бухгалтеринин жана отчетту түзүүгө жана берүүгө жооптуу кызматкеринин колдору коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Банктын, МФК, ТСКК отчету ошондой эле 2-тиркемеге ылайык банк, МФК, ТСКК жөнүндө базалык маалыматтарды камтыйт (банктын, МФК, ТСКК аталышы, лицензиясынын номери, банктын, МФК, ТСКК дареги, филиалдарынын жана сактык кассаларынын саны, ошондой эле банктын, МФК, ТСКК отчетуна тиркелүүчү аманаттар менен иштөө боюнча банкта, МФК, ТСКК кабыл алынган нормативдик документтин аталышы).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
IV.»Аманаттык базанын ар күнкү калдыктары жөнүндө маалыматтар» отчетун берүү тартиби
- «Аманаттык базанын ар күнкү калдыктары жөнүндө маалыматтар» отчету Банктын, МФК, ТСКК тиешелүү түрдө директорлор кеңеши бекиткен (КРУБдун башкармасынын 2007-жылдын 20-декабрындагы N 54/9 токтомуна ылайык) банктын, МФК, ТСКК бухгалтердик эсебинин Эсептер планына ылайык отчеттук мезгил үчүн аманаттык эсептерде ар күнкү калдыктар жөнүндө маалыматтарды чагылдырат жана 3-тиркемеге ылайык формада толтурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Социалдык фондунун жана башка мамлекеттик органдардын аманаттары боюнча маалымат 3-тиркемеге ылайык формада берилет. Жогоруда аталган мамлекеттик органдардын депозиттик эсептериндеги калдыктар өзүнчө сап менен ылдый жагында кошумча көрсөтүлөт, ал отчеттук күнгө карата миң сом менен чагылдырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
- Отчеттук мезгил болуп акы төлөө жүргүзүлгөн кварталдан кийинки кварталда аяктоочу (эсептик квартал) бир жылдык мезгил эсептелет. Бардык маалыматтар миң сом менен берилет.
- «Аманаттык базанын ар күнкү калдыктары жөнүндө топтомо маалыматтар» таблицасында миң сом менен валютанын бардык түрлөрү боюнча жыйынды аманаттык база көрсөтүлөт.
- 2-22-графаларда аманаттардын төмөнкү топтору боюнча банктагы, МФК, ТСКК аманаттык эсептердин номерлери көрсөтүлөт: алыш-бериш эсептери жана юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин сурап алма аманаттары, жеке адамдардын аманаттары, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү аманаттары. Ар бир эсептин астына отчеттук мезгилдин ар бир күнүнө аманаттык эсептердеги калдыктардын жыйынды көлөмүн көрсөтүү керек. Мында графалардын саны көбөйүшү мүмкүн жана банктын, МФКнын, ТСККнын депозиттик эсептеринин болушуна жана санына жараша толтурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- 23-графада аманаттар боюнча ар күнкү калдыктардын жыйынды суммасы чагылдырылат.
- «Анын ичинде ар бир валюта номиналындагы аманаттык базанын күнүмдүк калдыктары» бөлүмчөсүндө чет өлкө валютасынын номиналындагы жана кыргыз сомундагы аманаттардын суммасы көрсөтүлөт. «Бардыгы, улуттук валютада эсептелген(**)» сабында сомдук эквивалентте КРУБ отчеттук кварталдын акыркы күнүнө карата эсептик курсу боюнча берилген сумма көрсөтүлөт.
- Эгерде банкта, МФК, ТСКК «Анын ичинде ар бир валюта номиналындагы аманаттык базанын күнүмдүк калдыктары» бөлүмчөсүндө көрсөтүлгөндөн сырткары башка чет өлкө валютасында аманаттык эсептер болсо, анда ошол валютада кошумча таблица берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- «Суммалар боюнча бөлүү менен аманаттык база жөнүндө маалыматтар (өсүү тартибинде)» отчетун берүү тартиби
- «Суммалар боюнча бөлүү менен аманаттык база жөнүндө маалыматтар (өсүү тартибинде)» отчету банктагы, МФК, ТСКК юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин (резиденттердин, ошондой эле резидент эместердин) аманаттарынын түзүмүн, отчеттук күнгө карата миң сом менен аманаттык эсептердеги калдыктарды чагылдырат жана 4-тиркемеге ылайык формада толтурулат, алар өсүү тартибинде көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- «Юридикалык жактардын депозиттеринин суммасы, миң сом менен» деген позицияга банктын, МФК, ТСКК бекитилген Бухгалтердик эсеп-кысаптар эсебинин планына ылайык юридикалык жактардын депозиттик эсептери камтылат.
«Жеке адамдардын депозиттеринин суммасы, миң сом менен» деген позицияга банктын, МФК, ТСКК бекитилген Бухгалтердик эсеп-кысаптар эсебинин планына ылайык жеке адамдардын депозиттик эсептери камтылат.
«Жеке ишкерлердин депозиттеринин суммасы, миң сом менен» деген позицияга банктын, МФК, ТСКК бекитилген Бухгалтердик эсеп-кысаптар эсебинин планына ылайык жеке ишкерлердин депозиттик эсептери камтылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- 4-тиркемеде юридикалык жактардан, жеке адамдардан жана жеке ишкерлерден, ошондой эле жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аффилирленген жана банкка, МФК, ТСКК байланышкан жактарынан тартылган депозиттердин көлөмү көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Баардык калдыктар миң сом менен, үтүрдөн кийин эки белги менен көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- 2-11-графаларда ар бир аманатчыга (кардарга) жалпы карыздын көлөмүнөн тышкары келтирилген графаларга туура келүүчү аманатчылардын (кардарлардын) саны, аманатчылардын (кардарлардын) жалпы саны, анын ичинде отчеттук күнгө карата нөлдүк калдыктар көрсөтүлөт. Аманатчынын бирден ашык эсеби болгон учурда аманаттардын жалпы суммасы эсептелет жана тиешелүү графада чагылдырылат.
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- 12-графада юридикалык, жеке жактарга жана жеке ишкерлерге карыздын жалпы суммасы көрсөтүлөт, ал 2-11-графалардагы чоңдуктардын суммасы катары аныкталат. «Депозиттин өлчөмү» деген сапка кирген графаларда ар бир аманатчыга (кардарга) карата карыздын жалпы өлчөмү боюнча отчеттук датага карата топтоштуруу жасалат:
— 1000 сомго чейин;
— 25000 сомго чейин;
— 50000 сомго чейин;
— 100000 сомго чейин;
— 200000 сомго чейин;
— 300000 сомго чейин;
— 400000 сомго чейин;
— 500000 сомго чейин;
— 750000 сомго чейин;
-1 млн. сомго чейин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- 13-графада отчеттук күнгө карата банктын, МФК, ТСКК балансында эске алынган жеке адамдардын аманаттары боюнча эсептелген пайыздардын көлөмү көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- «Кыргыз Республикасынын облустарына карата тартуу булактары боюнча аманаттардын көлөмү» отчетун берүү тартиби
- «Кыргыз Республикасынын облустарына карата тартуу булактары боюнча аманаттардын көлөмү» отчету республиканын облустарына карата тартуу булактары боюнча аманаттардын көлөмү жөнүндө маалыматтарды камтыйт жана 5-тиркемеге ылайык форма боюнча толтурулат. Чет өлкө валютасында тартылган аманаттар сомдук эквивалентте отчеттук кварталдын акыркы күнүнө карата КРУБдун эсептик курсу боюнча берилет. Бардык суммалар миң сом менен, үтүрдөн кийин эки белги менен көрсөтүлүүгө тийиш. Маалыматтар республиканын областтары боюнча бөлүү менен аманаттар банктын, МФК, ТСКК кайсы облустук бөлүмчөсү тарабынан тартылганына жараша көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VII. «Кыргыз Республикасынын облустары боюнча аманаттык эсептер жөнүндө маалыматтар» отчетун берүү тартиби
- «Кыргыз Республикасынын облустары боюнча аманаттык эсептер жөнүндө маалыматтар» отчету республиканын облустары боюнча банктар, МФК, ТСКК жөнүндө маалыматтарды камтыйт жана 6-тиркемеге ылайык формада толтурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- 1-пунктта республиканын облустары боюнча бөлүү менен банктын, МФК, ТСКК филиалдарынын жалпы саны жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- 2-пунктта республиканын облустары боюнча бөлүү менен банктын сактык кассаларынын жалпы саны жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
- 3-пунктта банкта, МФК, ТСКК ачылган юридикалык жактардын жана жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттык эсептеринин жалпы саны көрсөтүлөт. Бийлик органдарынын аманаттык эсептеринин, банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин саны жөнүндө маалыматтар киргизилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- 4-пунктта банктын, МФК, ТСКК аманатчыларынын — юридикалык жактардын жана жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин жалпы саны көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VIII. «Аманаттар жана колдонулган пайыздык ставкалар жөнүндө маалыматтар» отчетун берүү тартиби
- «Аманаттар жана колдонулган пайыздык ставкалар жөнүндө маалыматтар» отчетунда отчеттук мезгилден кийинки айдын биринчи күнүнө карата валюталар менен мөөнөттүүлүктүн тиешелүү категориясындагы аманаттар боюнча калдыктардын суммасы жана орточо пайыздык ставкалар көрсөтүлөт. Аманаттардын мөөнөттүүлүгү тындырылганга чейин иш жүзүндөгү мөөнөтү боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасындагы аманаттардын калдыктарынын суммасы сомдук эквивалентте отчеттук кварталдын акыркы күнүнө карата миң сом менен, үтүрдөн кийин эки белги менен КРУБдун эсеп курсу боюнча көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- 1-пунктта калдыктардын суммасы жана юридикалык жактардан алынган сурап алма аманаттар боюнча орточо пайыздык ставкалар көрсөтүлөт.
- 2-пунктта калдыктардын суммасы жана юридикалык жактардан алынган, мөөнөттүүлүктүн тиешелүү категориясындагы аманаттар боюнча орточо пайыздык ставкалар көрсөтүлөт.
- 3-пунктта калдыктардын суммасы жана калктан кабыл алынган сурап алма аманаттар боюнча орточо пайыздык ставкалар көрсөтүлөт.
- 4-пунктта калдыктардын суммасы жана калктан кабыл алынган мөөнөттүүлүктүн тиешелүү категориясындагы аманаттар боюнча орточо пайыздык ставкалар көрсөтүлөт.
38-1. 5-пунктта калдыктардын суммасы жана талап кылынуучу, жеке ишкерлерден кабыл алынган депозиттер боюнча орточо алынган проценттик ставкалар көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
38-2. 6-пунктта калдыктардын суммасы жана мөөнөттүн тийиштүү категориялары боюнча жеке ишкерлерден кабыл алынган депозиттер боюнча орточо алынган проценттик ставкалар көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- 7-пунктта калдыктардын суммасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана жергиликтүү бийлик органдарынан алынган мөөнөттүүлүктүн тиешелүү категориясындагы аманаттар боюнча орточо пайыздык ставкалар көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- «Жыйынтыгы» сабында калдыктардын суммасы жана валюталар боюнча мөөнөттүүлүктүн тиешелүү категориясындагы бардык аманаттар боюнча орточо пайыздык ставкалар көрсөтүлөт.
- «Бардыгы» сабында калдыктардын суммасы жана мөөнөттүүлүктүн тиешелүү категориясындагы бардык аманаттар боюнча орточо пайыздык ставкалар көрсөтүлөт.
- «Жыйынтыгы» графасында калдыктардын суммасы жана аманаттардын тиешелүү түрлөрү боюнча орточо пайыздык ставкалар көрсөтүлөт.
- Банктардын, МФК, ТСКК жоопкерчилиги
- Отчетту убагында бербегендиги жана/же туура эмес маалыматтарды бергендиги, ошондой эле туура эмес толтургандыгы үчүн банк, МФК, ТСКК Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын отчетунун
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
N | Тиркеме | Аталышы | Мезгилдүүлүгү | Мөөнөттөрү |
1 | 2 | Депозиттерди коргоо системасынын катышуучу банкы, катышуучу микрофинансылык компаниясы, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясы жөнүндө базалык маалымат | Жылына бир жолу жана өзгөртүү киргизилгенде | Отчеттук мезгил бүткөн күндөн тартып 15 календарлык күндүн ичинде |
2 | 3 | Күнүмдүк аманат базасынын калдыктары жөнүндө маалымат | Квартал сайын | Отчеттук мезгилден кийинки кварталдын 15ине чейин |
3 | 4 | Сумма боюнча бөлүү менен аманаттык база жөнүндө маалыматтар (өсүү тартибинде) | Квартал сайын | Отчеттук мезгилден кийинки кварталдын 15ине чейин |
4 | 5 | Кыргыз Республикасынын облустарына карата тартуу булактары боюнча аманаттардын көлөмү | Квартал сайын | Отчеттук мезгил бүткөн күндөн тартып 15 календарлык күндүн ичинде |
5 | 6 | Кыргыз Республикасынын облустарына карата аманаттык эсептер жөнүндө маалыматтар | Квартал сайын | Отчеттук мезгил бүткөн күндөн тартып 15 календарлык күндүн ичинде |
6 | 7 | Аманаттар жана колдонулган пайыздык ставкалар жөнүндө маалыматтар. Аманаттардын көлөмү | Квартал сайын | Отчеттук мезгил бүткөн күндөн тартып 15 календарлык күндүн ичинде |
2-тиркеме
____________________
карата аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкы, катышуучу микрофинансылык компаниясы, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясы жөнүндө
БАЗАЛЫК МААЛЫМАТ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
__________________________________________________________________
банктын, МФК, ТСКК аталышы
- Банктын, МФК, ТСКК толук аталышы: _______________________________
- Лицензиясы: ___________________________________________________
- Юридикалык дареги: ____________________________________________
- Иш жүзүндөгү дареги: __________________________________________
- Филиалдардын саны: ____________________________________________
- Сактык кассаларынын саны: _____________________________________
- Банктын, МФК, ТСКК отчетуна тиркелген, банкта кабыл алынган аманаттар менен иштөө боюнча ченемдик документтин (аманаттык саясат) аталышы:
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
- Расмий түрдө жарыяланган байланыш:
а) телефон _______________________________________________________
б) факс __________________________________________________________
в) телекс ________________________________________________________
г) электрондук почта _____________________________________________
Жетекчи __________________________________________________________
Башкы бухгалтер __________________________________________________
Аткаруучу ________________________________________________________
3-тиркеме
_________________________________
чейинки мезгил үчүн аманаттык базанын ар күнкү калдыктары жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Коммерциялык банктын, МФК, ТСКК аталышы: ____________________________________
АКШ долларынын курсу
ЕВРО курсу
орус рублинин курсу
казах тенгесинин курсу
Аманаттык базанын ар күнкү калдыктары жөнүндө топтомо
МААЛЫМАТТАР
квартал сайын (миң сом)
Датасы | Баланстык эсептердин тизмеси эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | Аманаттардын жыйынды суммасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 |
01.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
02.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
03.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
04.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
01-//- карата | ||||||||||||||||||||||
отчеттон кийинки айдын 1ине карата | ||||||||||||||||||||||
Жыйынтыгы, улуттук валютада |
анын ичинде ар бир валютанын номиналындагы аманаттык базанын ар күнкү калдыктары(*)
(миң сом)
Датасы | Баланстык эсептердин тизмеси эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | Жалпы аманаттардын суммасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 |
01.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
02.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
03.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
04.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
01-//- карата | ||||||||||||||||||||||
отчеттон кийинки айдын 1ине карата | ||||||||||||||||||||||
Жыйынтыгы, улуттук валютада (кыргыз сому) |
(миң АКШ доллары)
Датасы | Баланстык эсептердин | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | Жалпы аманаттардын суммасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 |
01.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
02.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
03.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
04.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
01-//- карата | ||||||||||||||||||||||
Отчеттон кийинки айдын 1ине карата | ||||||||||||||||||||||
Жыйынтыгы, АКШ доллары менен | ||||||||||||||||||||||
Жыйынтыгы, улуттук валютада кайра эсептел- ген(**) |
(миң ЕВРО)
Датасы | Баланстык эсептердин тизмеси эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | эсептин N | Жалпы аманаттардын суммасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 |
01.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
02.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
03.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
04.хх. карата | ||||||||||||||||||||||
01-//- карата | ||||||||||||||||||||||
Отчеттон кийинки айдын 1ине карата | ||||||||||||||||||||||
Жыйынтыгы, ЕВРО менен | ||||||||||||||||||||||
Жыйынтыгы, улуттук валютада кайра эсептел- ген(**) |
(миң орус рубли)

Жыйынтыгы, орус рубли менен | ||||||||||||||||||||||
Жыйынтыгы, улуттук валютада кайра эсептел- ген(**) |
(*) эгерде банкта, МФК, ТСКК отчеттук формада көрсөтүлгөндөн тышкары башка чет өлкө валютасындагы аманаттык эсептер болсо, анда тиешелүү валютада кошумча таблица кошуу керек;
(**) акы төлөө жүргүзүлүүчү отчеттук кварталдын акыркы күнүнө карата КРУБдун эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентте кайра эсептөө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аманаттык эсептериндеги калдыктар — суммасы
Социалдык Фондунун аманаттык эсептериндеги калдыктар — суммасы
Башка бийлик органдарынын аманаттык эсептериндеги калдыктар — суммасы
Жетекчи __________________________________________________________
Башкы бухгалтер __________________________________________________
Аткаруучу ________________________________________________________
4-тиркеме
Юридикалык жана жеке жактардын, жеке ишкерлердин депозиттери жөнүндө маалыматтар, суммалар боюнча бөлүштүрүү менен
(көбөйүүчү жыйынтык менен)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
___________________________ карата абал боюнча
Банктын , МФК, ТСКК аталышы:
Депозиттин өлчөмү | 1000 чейин | 25000 чейин | 50000 чейин | 100000 чейин | 200000 чейин | 300000 чейин | 400000 чейин | 500000 чейин | 750000 чейин | 1 млн. чейин | Баардык депозиттер | Депозиттер боюнча кошулган проценттер |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
Юр. жактардын депозиттеринин суммасы, миң сом(*) | ||||||||||||
А.и. чет өлк. Валютада | ||||||||||||
Юр. жакт. депозиторлорунун саны | ||||||||||||
А.и. чет өлк. валютада | ||||||||||||
Жеке жактардын депозиттеринин саны, миң сом(*) | ||||||||||||
А.и. чет өлк. валютада | ||||||||||||
Жеке жактардын аманатчыларынын саны | ||||||||||||
А.и. чет өлк. валютада | ||||||||||||
Анын ичинде аффилирленген жана банк менен байланышкан жактар | ||||||||||||
Сумма, миң сом | ||||||||||||
Аманатчылардын саны, киши | ||||||||||||
Жеке ишкерлердин (ЖИ) депозиттеринин суммасы, миң сом.(*) | ||||||||||||
А.и. чет өлк. валютада | ||||||||||||
ЖИ аманатчылардын саны, киши | ||||||||||||
А.и. чет өлк. валютада | ||||||||||||
Анын ичинде аффилирленген жана банк менен байланышкан жактар | ||||||||||||
Сумма, миң сом | ||||||||||||
Аманатчылардын саны, киши |
(*) отчеттук кварталдын акыркы күнүнө карата КРУБ эсептик курсу боюнча сомдук эквиваленттеги эсебинде кайрадан эсептөө.
Жетекчи _________________________________________
Башкы бухгалтер __________________________________
Аткаруучу ________________________________________
М.О.
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын облустарындагы тартуу булактары боюнча
________________
карата абалдагы депозиттердин
КӨЛӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Банктын, МФК, ТСКК аталышы: _________________________________________________
(миң сом)
Баткен | Жалал-Абад | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | Бишкек | Бардыгы | |
Бардык аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында(*) | |||||||||
1. Юридикалык жактардын аманаттары, анын ичинде чет өлкө валютасында, анын ичинде: | |||||||||
а) сурап алма аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында | |||||||||
б) мөөнөттүү аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында | |||||||||
2. Жеке адамдардын аманаттары, анын ичинде чет өлкө валютасында, анын ичинде: | |||||||||
а) сурап алма аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында | |||||||||
б) мөөнөттүү аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында | |||||||||
2-1. Жеке ишкерлер, а.и. чет өлк. валютада, анын ичинде: | |||||||||
а) сурап алуучу депозиттер, а.и. чет өлк. валютада | |||||||||
б) мөөнөттүү депозиттер, а.и. чет өлкө валютада | |||||||||
3. Бийлик органдары- нын аманаттары, анын ичинде чет өлкө валютасында, анын ичинде: | |||||||||
а) сурап алма аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында | |||||||||
б) мөөнөттүү аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында | |||||||||
4. Банктардын аманаттары, анын ичинде чет өлкө валютасында, анын ичинде: | |||||||||
а) сурап алма аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында | |||||||||
б) мөөнөттүү аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында | |||||||||
5. Башка финансы-кредиттик мекемелердин аманаттары, анын ичинде чет өлкө валютасында, анын ичинде: | |||||||||
а) сурап алма аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында | |||||||||
б) мөөнөттүү аманаттар, анын ичинде чет өлкө валютасында |
(*) отчеттук кварталдын акыркы күнүнө карата КРУБдун эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентте кайра эсептөө
Жетекчи __________________________________________________________
Башкы бухгалтер __________________________________________________
Аткаруучу ________________________________________________________
6-тиркеме
_____________
карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын облустарындагы депозиттик эсептер жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 8262019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Банктын, МФК, ТСКК аталышы _________________________________________________
(бирдик менен)
Баткен | Жалал-Абад | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | Бишкек | Бардыгы | |
1. Филиалдардын саны | |||||||||
2. Сактык кассаларынын саны | |||||||||
3. Аманат- тык эсептердин саны | |||||||||
1) Юридикалык жактардын | |||||||||
Сурап алма аманаттар | |||||||||
Мөөнөттүү аманаттар | |||||||||
2) Жеке адамдардын | |||||||||
Сурап алма аманаттар | |||||||||
Мөөнөттүү аманаттар | |||||||||
Аманатчылардын саны | |||||||||
3) жеке ишкерлер | |||||||||
Сурап алуучу депозиттер | |||||||||
Мөөнөттүү депозиттер |
Жетекчи __________________________________________________________
Башкы бухгалтер __________________________________________________
Аткаруучу ________________________________________________________
7-тиркеме
_____________
карата абал боюнча депозиттер жана колдонулуучу проценттик ставкалар жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 8262019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Банктын, МФК, ТСКК аталышы: _________________________________________________
Аманаттардын көлөмү
(миң сом)
N | Аманаттардын түрлөрү | Валютасы | Төлөө мөөнөтү | Жыйынтыгы | ||||||||||||
0-1 ай | 1-3 ай | 3-6 ай | 6-12 ай | 1-3 жыл | 3 жылдан жогору | |||||||||||
суммасы | ставкасы | суммасы | ставкасы | суммасы | ставкасы | суммасы | ставкасы | суммасы | ставкасы | суммасы | ставкасы | суммасы | ставкасы | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
1 | Юридикалык жактардын сурап алма аманаттары | улуттук | ||||||||||||||
чет өлкө | ||||||||||||||||
2 | Юридикалык жактардын мөөнөттүү аманаттары | улуттук | ||||||||||||||
чет өлкө | ||||||||||||||||
3 | Жеке адамдардын сурап алма аманаттары | улуттук | ||||||||||||||
чет өлкө | ||||||||||||||||
4 | Жеке адамдардын мөөнөттүү аманаттары | улуттук | ||||||||||||||
чет өлкө | ||||||||||||||||
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын аманаттары | улуттук | ||||||||||||||
чет өлкө | ||||||||||||||||
6 | Жеке ишкерлердин сурап алуучу депозиттери | улуттук | ||||||||||||||
чет өлкө | ||||||||||||||||
7 | Жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери | улуттук | ||||||||||||||
чет өлкө | ||||||||||||||||
Жыйынтыгы: | улуттук | |||||||||||||||
чет өлкө | ||||||||||||||||
Бардыгы: |