Суроо/Жооп
Кайсы депозиттер коргоого алынбайт?
1) Банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай жана сактык кредиттик компаниясынын адамдарына тиешелүү депозиттери;
2) Банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын чет өлкөлүк консультанттары же тышкы аудиторлору болгон адамдардын депозиттери;
3) Юридикалык жактын тапшырмасы менен (ишеним кат менен) жайгаштырылган адамдардын депозиттери;
4) мыйзамдарга ылайык чектөөлөрү бар же камакка алынган депозиттер;
5) Кыргыз Республикасынан тышкары жайгашкан резидент банктын филиалдарындагы, резидент микрофинансылык компаниянын филиалдарындагы депозиттер.
Кайсы депозиттер коргоого алынууга тийиш?
Жеке жактардын жана жеке ишкерлердин депозиттери.
Кепилдик суммасы кандай?
Кепилденген учур келип чыкканда, “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык ар бир аманатчыга депозиттер боюнча пайыздарды камтыган жалпысынан 1 000 000 сомго чейинки суммадагы компенсация төлөнөт.
Кепилдик учур деген эмне?
Кепилдик учур – бул «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” , Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык банкты же микрофинансылык компанияны, же турак жай-сактык кредиттик компанияны мажбурлап жоюу процедурасынын башталышы.
Депозит боюнча үстөк пайыздар корголобу?
Мыйзамга ылайык, кепилденген учур башталганда, ар бир аманатчыга аманат (депозит) боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, жыйындысында 1 миллион сомдон ашык эмес компенсация төлөнөт.
Аманат боюнча эсептелген, бирок төлөнбөгөн жана капиталдаштырылбаган пайыздар кепилденген учур башталган дата карата чегериштирилет.
«Компенсация төлөө»
Компенсациялык төлөмдөрдүн башталышы жөнүндө ким жарыялайт же маалымдайт?
Кепилденген учур башталгандан кийин, Агенттик республикалык гезиттерде жана маалымат каражаттарында Агенттик банктын жайгашкан жери, компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн датасы, убактысы, формасы жана тартиби жөнүндө кулактандыруу жарыялайт. Кулактандырууларды Агенттик банктын жана банкрот болгон банктын, банкрот микрофинансылык компаниянын, банкрот болгон турак жай жана сактык кредиттик компаниясынын, анын ичинде алардын филиалдарынын жана сактык банктарынын, ошондой эле Агенттиктин www.deposit.kg расмий сайтына жана Агенттиктин имаратынын кире беришиндеги маалымат тактасында да жайгаштырат.
Депозиттер үчүн компенсация төлөө тартиби кантип ишке ашат?
Депозиттер үчүн компенсация төлөө кепилдик берүү иш-чарасы пайда болгон күндөн кийин 30 календардык күндөн кеч эмес башталышы керек. Аманатчыларга компенсациялык төлөмдөрдү Агенттик өзү жана/же Агенттик тандаган банк-агент аркылуу аманатчы көрсөткөн эсепке компенсация суммасын которуу аркылуу же накталай же накталай эмес формада кабыл алынган ыкмалар аркылуу төлөйт.
Аманаттар боюнча компенсация алуу үчүн аманатчы кандай зарыл документтерди бериши керек?
– Белгиленген формадагы арыз (Аманатчы аны Агенттиктен же банк-агенттен алат);
– Аманатчынын инсандыгын тастыктаган документ;
– банктык аманат келишими;
– эгерде аманатчынын атынан юридикалык өкүлү иш-аракет кылса, ишеним кат.
«Депозиттерди коргоо системасынын максаты эмнеде?»
Депозиттерди коргоо системасы банк системасына ишенимди бекемдөөгө, аманатчылар жана банктар ортосунда мамилелер маданиятын жогорулатууга, мамлекеттин финансылык системасынын стабилдүүлүгүн камсыз кылууга, акыры, экономиканын өнүгүшү үчүн ички топтолгон каражаттарды инвестицияга айлантууга көмөктөшөт.
«Кепилденген депозит» деген эмне?
Бул депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусунда жеке жактын ар кандай депозити же банк эсеби. Кепилденген учур келип чыкканда, аманатчыга алардын орду кепилденген түрдө тургузулат.
«Депозит боюнча компенсация» деген эмне?
Агенттик кепилденген учур келип чыкканда бир аманатчыга депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, 1 000 000 (бир миллион) сомго чейинки өлчөмдө төлөнүп берилүүчү акчалай каражаттар суммасы.
Чет өлкө валютасындагы депозиттер
Аманатчыга чет өлкө валютасындагы кабыл алынган депозиттер суммасы кепилденген учур башталган күнү Улуттук банк белгилеген эсептик курс боюнча улуттук валютада төлөнүп берилет.
Депозиттер боюнча компенсация алуу үчүн документтер менен кайсы жерге кайрылуу керек?
Cиз Агенттик кулактандырууда көрсөткөн мөөнөт ичинде киинкидей документтер менен банк-агентке кайрылууңуз керек:
— бактык эсептин (банктык аманаттын) келишимдин түпнускалары жана көчурмөлөрү;
— Инсандын күбөлүгүнүн түпнускасы жана көчүрмөлөрү, аманатчынын ЖСН (Жеке салык номери);
— жазуу жүзундөгү арыз
«Аманаттар — жаңы аманатчылар үчун жардам \ Банктан амант эсебин туура ачуу үчүн зарыл төрт кадам» «Аманаттар —1-кадам. Банк тандаш керек.»
Банк тандоодо банктын таанымал экендигине, анын ишенимдүүлүгүн, депозиттер боюнча пайыздык чендерге, жайгашкан жеринин жакындыгына, тейлөө үчүн тарифтердин өлчөмүн, тейлөөнүн ыңгайлуулугу сыяктуу параметрлерге көңүл буруу керек.
Аманатты жайгаштыруудан мурун, көбү банктын финансылык абалын баалоону, канчалык капиталдашкандыгына, менчикте эмне бар экендигине, экономикалык ченемдерди аткарып келгенине, банктардын рейтингинде канчанчы орунда турганына көңүл буруу керек деп сунуштайт. Банктын акционерлери кимдер экенин сурап билип, алардын базардагы абалын баалоо керек.
Кайсы бир финансылык мекеме менен кызматташуу тобокелдигин аныктоо үчүн инструменттердин бири катары эл аралык рейтинг берген агенттиктердин баасын колдонсо болот. Канчалык баасы төмөн болсо, демек ал мекме иштешүү ошончолук тобокелдик туудурат. Бирок, тилекке каршы, бул эл аралык тажрыйба жаңы эле ишке киргизилип атат, ошондуктан аманатты жайгаштыруу үчүн банкты тандоодо ушул көрсөткүчтү дайыма эле пайдаланууга мүмкүн эмес.
Бул көйгөйдөн мамлекет дагы обочо туруп алган жок, ал жеке жактардын Депозиттерин коргоо агенттигин түздү. Бүгүнкү күндө, дээрлик бардык банктар депозиттерди коргоо системасынын мүчөлөрү, бул аманатчылар үчүн банктар кокусунан банкрот болгон учурда белгилүү депозиттик кепилдикке бел байлоого жол берет. Ушул кепилдик сумманын өлчөмү жылдан жылга өсүп, бүгүнкү күндө 1 000 000 сомду түзүп калды. Депозиттерди коргоо боюнча агенттик банктын ар бир аманатчысына үстөк пайыздырды кошкондо, кепилденген сумманын өлчөмүндө каражаттардын ордун тургузууну кепилдейт. Мында, эгер аманатчынын бир банкта бир нече эсеби бар болсо да, ордун тургузуу суммасы баары бир 1 000 000 сомдон ашпайт, эгер бир нече банкта болсо, анда ар биринен 1 000 000 сомго орду тургузулат. Ошон үчүн тобокелдиктерди азайтуу үчүн аманаттарды бир эле учурджа бир нече банкка жайгаштыруу логикага жатат.
«Аманаттар — 2-кадам. Депозит тандоо»
Аманаттар негизги эки категорияга бөлүнөт: талап боюнча төлөнүүчү аманаттар жана мөөнөттүү аманаттар. Биринчи аманаттын конкреттүү сактоо мөөнөтү жок, ал аманатчы талап кылган күнү кайтарылып берилет. Мындай аманаттар боюнча пайыздык чен аябай төмөн болот. Мөөнөттүү аманаттар үчүн банктар кыйла жагымдуу пайыздарды сунуштайт, бирок мындай эсептер белгилүү мөөнөткө ачылат, ал эми депозиттер суммасы мөөнөтү аяктагандан кийин гана алынат. Көпчүлүк учурларда, аманатчылар банктан мөөнөттүү депозиттерди ачышат.
Кандай гана депозит болбосун, анын өзөктүү жери аманатчыга түшүүчү кирешенин пайыздык чени (адатта жылдык) болуп саналат. Анын өлчөмү ар кандай факторлорго көз каранды болот. Биринчи орунда депозиттин мөөнөтү турат. Эреже боюнча ал канчалык аз болсо, инвестициялык кирешелүүлүгү ошончолук аз. Бирок, банктар кээде ар кандай акцияларды уюштуруу жолу менен андай мыйзам ченчемдүүлүктү бузуп да коёт.
Мөөнөтүнө жараша депозиттерди кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү деп бөлүштүрүлөт. Кыска мөөнөттүү депозиттер акчаны 1, 3, 5 жана 9 айга сактоого жол берет. Узак мөөнөттүү депозиттер 1 жылдан ашуун банк менен кызматташууга алып келет. Кээ бир учурларда банктар аманат боюнча бир нече пайыздык чендерди белгилейт. Бул толуктоо укугуна ээ болгон депозиттер үчүн мүнөздүү, мындай учурларда банк баштапы сумма үчүн бир ченди белгилеп, кошумча төгүмдөр үчүн башкасын белгилейт, ал аманатты аягына аз калганда, кайсы учурда салынганы да эске алынат.
Аманаттык инвестициялардын кирешелүүлүгү аманаттын валютасына да жараша иштейт. Эрежеде, аманатчы өзүнүн топтогон акчасын валюта үч түрү ортосунда иштетсе болот: сом, АКШ доллары жана евро. Бүгүнкү күндүн кирешесин карасак, сом түрүндөгү депозиттерди пайыздык чендери башка валютага караганда кыйла жагымдуу көрүнөт.
Аманаттар боюнча пайыздарды ар кандай мезгилде алса болот. Көбү ар айлык же квартал сайын пайыздары төлөнүүчү аманаттарды тандашат. Бирок, аманатчы депозитти жайгаштырар замат аванс түрүндө же келишим мөөнөтү аяктагандан кийин киреше алса болот. Экинчи учурда, пайыздары капиталдаштыруучу банктык аманаттты тандап алуу максатка ылайыктуу, анткени аманаттын суммасына кошумча төлөмдөр мурда капиталдаштырылган пайыздарды эске алуу менен жасалат. Мындай кошумча төлөмдөн кошумча утуш — жылдык бир пайыз, ал жылдын аягындагы пайыздардын демедейдеги төлөмүнө салыштырмалуу нерсе.
Банктар демейде аманаттын ар бир түрү үчүн кайсы бир минималдуу сумманы белгилейт, ал эреже боюнча 200 сомдон жогору, чет өлкө валютасында 100 АКШ долларынан жогору, 50 Евродон бир нече миңге чейин болушу мүмкүн. Бирок минималдуу чектөолорсүз дагы аманаттар болот. Айрым аманаттар толукталгандан кийин же эсептен акча алынгандан кийин баштапкы сумманы өзгөртүүнү караштырышы мүмкүн.
Аманаттардын паратмерлеринин көптүгүн жана алардын ар кыл комбинацияларын эске алсак, депозиттин керектүү түрүн банктан тандап алуу үчүн чындап эле бир нече саат кетчүдөй. Ушул ишти жеңилдетүү үчүн аманатчы банкка келген негизги максатынан келип чыгып, депозиттин тандаш керек.
Эгер аманатчы үчүн кошумча киреше алуу эмес, топтогон каражаттарын сактоо биринчи орунда болсо, анда сактык аманатын тандоо максатка ылайык. Мындай аманаттарга банктардын депозиттик өнүмдөрү кирет, андан мөөнөт жана валюта маселеси каралбайт, анткени алар аманаттын баштапкы суммасын өзгөртпөстөн мөөнөттүн башында же аягында пайыздарды алууга жол берет.
Эгерде банкта депозиттик эсепти ачуунун негизги максаты – ай сайын белгиленген киреше алып туруу болсо, башка сөз менен айтканда, негизги эмгек акыга кошумча алуу болсо, анда аманатчы киреше аманатын караштырыш керек, ал дагы депозиттик баштапкы суммасын өзгөртүүгө жол бербейт, бирок андай аманаттар боюнча киреше ай сайын же квартал сайын төлөнүп турат.
Аманатчы өзүнүн инвестицияларынын баштапкы өлчөмүн өзгөрткүсү келсе, анда ал топтом/универсалдык депозиттердин бирин тандап алуусу максатка ылайык. Биринчиси депозиттин суммасын көбөйтүүгө жол берсе, эреже катары, каражаттарды топтоо үчүн пайдаланылат. Экинчиси, талап боюнча аманатка окшош, алар эсептеги калдыкты каалган багытта өзгөртүүгө жол берет, бирок, эреже катары, универсалдуу депозиттер боюнча кыйла маңыздуу пайыздар төлөнөт. Мында аманаттардын ушу эки тобу боюнча пайыздар кандай төлөнүп бериле турганы чоң мааниге ээ эмес.
Депозиттердин максаттуу топтору ортосунда айырмачылыктар.
Аманат | Максат | Пайыздарды төлөп берүүнүн мезгилдүүлүгү | Толуктоо мүмкүнчүлүгү | Жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү |
Сактык аманат | Акчалай каражаттарды сактоо | в конце срока, авансом, с капитализацией процентов | Жок | Жок |
Киреше аманат | Мезгил-мезгили менен кошумча киреше алуу | Ай сайын, квартал сайын. | Жок | Жок |
Топтомо аманат | Келечектеги керектөө үчун каражат топтоо | Мааниге ээ эмес | Ооба | Жок |
Универсалдуу аманат | Өзүнүн финансыларын башкарат | Мааниге ээ эмес | Ооба | Ооба |
«Аманаттар — 3-кадам. Болочок депозиттин валютасын тандоо »
Финансисттер болочок аманаттын валютасы жөнүндө чечимди кабыл алууда банктан эсеп ачуу мезгилинде кайсы валютадагы каражаттар колунда болгонун, депозиттик келишим бүткөндөн кийин кайсы валютадагы акчаны керектей турганын эске алуунун сунушташат. Башка сөз менен айтканда, өзгөчозарылдык болбосо, бир валютадан экинчи валютага которуунун зарылчылыгы жок, себеби акчанын тегерегиндеги ар кандай кошумча операциялар аманаттын кирешесин азайтып коёт.
Депозиттин валютасын тандоодо аманаттын кирешесинин деңгээли дайыма эле өзөктүү фактор боло бербейт. Бул жерден акчалай каражаттарды банкка жайгаштыруу максаты кыйла маңыздуу. Эгер аманатчы сактык же топтом аманатын тандап атса, анда ал үчүн өздүк каражаттарын сактоо артыкчылыкка ээ болуп саналат. Бул учурда, каражаттарды мурда топтолгон валютада жайгаштыруу эптүү болот.
Ал эми ай сайын киреше алуу максатын көздөп, киреше аманатын тандап алгандар үчүн аманатты улуттук валютада ачуу максатка ылайык, себеби бул аманаттардын кирешеси кыйла жогору. Ушул эле кеңешти универсалдуу аманатты тандап алган амантчылар дагы колдонсо болот.
«Аманаттар — 4-кадам. Келишимге кол коюп, банктан аманат ачабыз »
Тандап алуу маселесине байланыштуу бардык татаалдыктар артта калгандай, келимге кол коюп, акчаны кассага киргизүү гана калды, бирок документ менен дыкаттык менен таанышпастан, ага колтамагаңарды коюуга шашылбагыла. Тандап алган депозит боюнча келишим менен таанышкандан кийин, аманатчы оюн өзгөртүп, башка депозитке же банкка да өтүп кетиши мүмкүн.
“Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык коргоого алынган банктык аманатка келишим түзүүдө Мыйзамда белгиленген тартипте, өлчөмдө жана шарттарда аманаттар коргоо алынган деп келишимдин текстинде жоболор бар экенин, ошондой кепилдикке кайсы депозиттер алынбаганын түз көрсөткөн жоболорун текшерүү керек.
Аманатчынын акыркы оюна (чечимине) эмне таасир этиши мүмкүн? Себеп көп болушу мүмкүн.
Биринчиден, банк депозит мөөнөтү акятаганга чейин пайыздык ченди өзгөртүп коюушу мүмкүн. Банктар, башка көптөгөн ишканалар сыяктуу эле базардын конкреттүү кырдаалында ыӊгайын издейт, ошон үчүн банктын мөөнөттүү аманаттарына пайыздык чендер мезгил-мезгили менен карай каралып турат. Бирок, аманат эсеби ачылганда, ал айтылган пайыздык чен келишимдин аягына чейин иштейт деп келебиз. Дайыма эле андай боло бербейт.
Маселен, аманатчы кыйла узак мөөнөткө аманат эсебин ачкан болсо, банк, эреже катары, базар коньюктурасына шайкеш келгендей кылып, мисалы, 12 айдан кийин пайыздык ченди өзгөртүү мүмкүндүгүн өзүндө калтырат. Ал эми аманат бир нече жылга ачылган болсо, анын чени бир нече жолу өзгөрө, бирде азайса, бирде көбөйөт. Ал тууралуу дароо билгендей болуу керек.
Экинчиден, эгер депозиттин мөөнөттөрү сакталбаса, эмне болот? Албетте, бул кырдаалды да эске алуу керек, анткени мөөнөттүү депозитти ачуу мезгилинде, мөөнөт аяктаганга чейин акча алынуу керек, бирок турмушта ар кандай болуп калат эмеспи. Кээде акча айтылгандан узак мезгил банкта жатып калат, кээде аны мурдараак алуу зарылдыгы келип чыгат. Кайсыл кырдаал болбосун, ал сөзсүз түрдө киршеге таасирин тийгизбей койбойт, ал эми даана кандай түрдө таасир этери конкреттүү банкка жана депозиттин түрүнө көз каранды болот. Эгер сиз депозит аяктагандан кийин акчаңызды (аманат менен кирешени) алып кетпесеңиз, банк адатта аны талап боюнча эсепке которуп салат, ал эсептен сиздин аманатыңызга пайыздар кошулуп эсептелбейт, кошулса да, жылына 1-2% болот. Бирок, аманатчыга көп учурда аманаттын мөөнөтүн автоматтык түрдө узатууга сунуш берилет, б.а. аманаттын мөөнөтү кийлигишүүсүз автоматтык түрдө көбөйтүлүп, орундуу пайыздар кошуп эсептелет. Албетте, экинчи вариант пайдалуу, бирок аны дайыма эле колдонууга мүмкүн эмес эле.
Аманатчыга акча мөөнөтүнөн мурда керек болгондо, банктын аракеттеринин бир нече варианты бар. Салынган сумма албетте кайтарылып берилет, а кирешеси эмне болот? Банк кээ бир учурларда мындай депозиттерди талап боюнча аманат деп карап, тиешелүү (арзыбаган) пайыздык ченди төлөп берет. Ал эми кээ бир учурларда мөөнөтү аз депозиттер катары каралат, мында киреше азаят, бирок көп суммага эмес. Ошон үчүн, эгер сиз каражаттарды мөөнөтүнөн мурда алууну болжосоңуз, чыгымдарды мүмкүн болушунча азайтуу үчүн банкты жана депозиттин түрүн туура тандоого аракет кылыңыз.
Депозиттик келишимдин дагы бир мүнөздүү белгиси – депозитти жаңы мөөнөткө узартуу мүмкүндүгү, т.а. кардардын банкка келбестен аманат келишимин автоматтык түрдө узартылышы. Бардык эле банктык депозиттер узартылуучу болуп саналбайт: аманат келишимин автоматтык түрдө узартуу мүмкүндүгүн/мүмкүн эместиги банк аныктайт. Аманатты узартуу мезгилинде күчүндөгү аманат боюнча пайыздык чен менен ошол эле шартта, ошол эле мөөнөткө жүзөгө ашырылат.
Кээде аманатты тандап алуу аманатчы үчүн болгон чектөөлөр маңыздуу паратметрлерден болуп калышы мүмкүн. Мисалы, аманаттар пенсионерлер, студенттер жана аскер кызматкерлери үчүн бар.
Банктык картты бекер алуу мүмкүндүгүнө көңүлүңөрдү бургум келет. Азыр көптөгөн банктар депозит ачууда пластик картты бекер жасап берүүнү сунуштайт, т.а. картты чыгарууга жана тейлөөнүн биринчи жылын өздөрү көтөрөт. Мында, эгер кредит картын демейде ачуу үчүн атайын эсепке минималдуу баштапкы төлөм жана кредиттик лимит боюнча камсыз кылуу керек болсо, мындай учурда анын милдетин сиздин аманатыңыз (киреше жоготпостон) аткарышы мүмкүн. Андан да кредитти пайдалануу дайыма эле максатка ылайык болбосо, анда дебеттик пластик картаны чыгаруу демейде пайдалуу болот.
Жогоруда аталган бардык объективдүү факторлор аманаттын кирешелүү болушуна тике таасирин тийгизет. Бирок, андан тышкары, депозитти тариздөөнүн жөнөкөйлүүлүгү жана ылдамдыгы, эсептин жана калдык жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүк жактан жөнөкөйлүүлүгү, кошумча кызматтарды алуу мүмкүндүгү (мисалы, жеңилдик шарттар менен карадардык кредит) сыяктуу бир катар субъективдүү факторлор бар, акыры бул банктын өкүлү менен канчалык деңгээлде баарлашуу жеңилдиги, ошончолук иш жакшы жүрүшөт деген таасир дагы жакшы.