ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК
Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясы
IADI – бул депозиттердин камсыздандыруучулары, ошондой эле финансылык коопсуздук системаларынын башка катышуучулары жана эл аралык финансы мекемелери аманатчыларды коргоо жаатында, банктарды бутуна тургузуу жана финанслык стабилдүүлүк жаатында алдыңкы тажрыйбаны илгерилетүү үчүн чогуу иштешкен глобалдык форум.
IADIнин аманаттарды камсыздандыруунун натыйжалуу системаларынын негиз берүүчү принциптери – бул Ишенимдүү, стабилдүү жана жакшы иштеген финансылык системалар үчүн стандарттардын глобалдык жыйнагына Финансылык стабилдүүлүк боюнча кеңеш киргизген эл аралык жактан таанылган стандарт.
IADI депозиттерди камсыздандыруу жаатында эл аралык кызматташууну шыктандыруу жана депозиттерди камсыздандыруу системаларынын жаңысын жана колдонуудагыны чыңдоо боюнча сунуштарды берүү жорлу менен финансылык системалардын стабилдүүлүгүнө көмөк көрсөтөт.
Азыркы учурда анын курамына 95 мүчө (депозиттердин камсыздандыруучулары), 12 тутумдаш компания (борбордук банктар жана башка улуттук органдар) жана 17 өнөктөш (коммерциялык эмес улуттук жана эл аралык уюмдар) кирет.
Депозиттерди камсыздандыруучулардын европалык форуму (EFDI).
EFDI мүчөлөрү өзүнүн банктык кризис шартында аманатчыларды коргоо боюнча мандаттарын аткаруусу үчүн ассоциациянын жалпы билим базасынын жардамы менен алардын системаларын өркүндөтүү жолу менен аларга-мүчөлөрүнө жардам берет.
Мындан тышкары, EFDIнин башкы озуйпасы болуп региондук финансылык стабилдүүлүккө көмөктөшүү саналат. Ассоциация мында өзүнүн мүчөлөрүнүн кеңири практикалык тажрыйбасына таянат, ал EFDI жарыялап келген ар кандай отчеттордо жана милдеттендирилбеген методикалык отчёттордо чагылдырылат.
EFDI бүтундөй Европада коопсуз жана ишенимдүү финасы системасынын сакталышына жооптуу ЕБ бийлик органдары жана мекмелери менен иштешүүгө көмөктөшөт.
EFDI депозиттерди кепилдөө системасы жөнүндө жалпы европалык мыйзамдарды өркүндөтүүгө да катышат.
Евразиялык экономикалык комиссия
Евразиялык эколномикалык комиссия (ЕЭК) – Евразиялык экономикалык биримдиктин туруктуу иштеген жөнгө салуучу органы. 2012-жылдын 2-фералынан тартып иштей баштаган.
Евразиялык экономикалык комиссиянын негизги кызматы – ЕАЭБдин иштөө жана өнүгүү шарттарын камсыз кылуу, интеграцияны андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
ЕЭК курамында азыркы учурда беш өлкө бар. Алар – Армения Республикасы, Беларус Республикасы, Казактан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы.