Cостоялась официальная церемония начала разработки Национальной стратегии по финансовой доступности
26 сентября 2019 года состоялась официальная церемония разработки Национальной стратегии по финансовой доступности в рамках реализации проекта по повышению финансовой доступности в Центральной Азии.
Разработка Стратегии будет осуществляться Национальным банком при техническом содействии проекта IFC по расширению финансовой доступности в Центральной Азии, финансируемого Правительством Швейцарии, а также государственными органами и представителями частного сектора.
Основной целью проекта по повышению финансовой доступности в Центральной Азии является расширение доступа к сберегательным и кредитным продуктам, предоставляемым регулируемыми финансовыми организациями на устойчивой основе.
«Реализация мероприятий по финансовой доступности благоприятно отразится на экономике страны, поскольку доступный для населения финансовый сектор способствует инклюзивному росту и продвижению конкурентноспособной и ориентированной на экспорт экономики» — отметил Председатель Национального банка Т.Абдыгулов, выступая перед участниками церемонии.
Учитывая текущее состояние финансовой доступности в Кыргызской Республике и международную практику, Национальной стратегией будут определены такие приоритетные направления, как расширение продуктовой линейки (включая страховые услуги и развитие рынка капитала), каналов доставки и точек доступа к финансовым услугам, повышение финансовой грамотности населения и обеспечение защиты прав потребителей.
Технические семинары для участников и ряд встреч с рабочими группами по вышеуказанным приоритетным направлениям состоятся 26-27 сентября 2019 года.
Справочно: IFC, входящая в Группу Всемирного банка, является крупнейшим глобальным институтом развития, фокусирующим свою деятельность на поддержке частного сектора на развивающихся рынках. В 2018 финансовом году было предоставлено $23 миллиарда долгосрочных инвестиций развивающимся странам, усиливая потенциал частного сектора по искоренению бедности и повышению всеобщего благосостояния.
—————————————————————————————————
Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууну баштоо боюнча расмий иш-чара болуп өттү
2019-жылдын 26-сентябрында Борбордук Азияда финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу боюнча расмий иш-чара болуп өттү.
Стратегия Борбордук Азияда финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) долбоорунун техникалык көмөк көрсөтүүсү менен Улуттук банк тарабынан иштелип чыгат. Долбоор Швейцария Өкмөтү, ошондой эле жеке сектордун мамлекеттик органдары жана өкүлдөрү тарабынан каржыланат.
Жөнгө салынган финансы уюмдары тарабынан туруктуу негизде сунушталган сактык жана кредит продукттарынан колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү Борбордук Азияда финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу долбоорун ишке ашыруунун негизги максаты болуп саналат.
«Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча иш-чараларды ишке ашыруу өлкөнүн жалпы экономикасына алгылыктуу таасир берет, себеби калкка жеткиликтүү болгон финансы сектору экономиканын атаандаштыкты жараткан жана экспортко багытталган нукта өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», — деп, Улуттук банктын төрагасы Т.Абдыгулов иш-чаранын катышуучулары алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилеп кетти.
Кыргыз Республикасындагы финансылык жеткиликтүүлүктүн учурдагы абалын жана эл аралык практиканы эске алганда, жогоруда аталган улуттук стратегияда: сунушталган продукттар чөйрөсүн (камсыздандыруу кызматтарын жана капитал рыногун өнүктүрүүнү кошуу менен), жеткиликтүү кызмат көрсөтүү түйүндөрүн, каналдарын кеңейтүү, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана керектөөчүлөрдүн укукун коргоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттар аныкталат.
Жогоруда аталган артыкчылыктуу багыттар боюнча катышуучулар үчүн техникалык семинарлар жана жумушчу топтор үчүн бир катар жолугушуулар 2019-жылдын 26-27-сентябрында өтөт.
Маалымат үчүн: Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) ири өнүктүрүү институту болуп саналат, анын иши өнүгүп келе жаткан рыноктордо жеке секторду колдоого багытталган. Ал 2018-жылы жакырчылыкты жоюу жана жалпы жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча жеке сектордун потенциалын бекемдөө менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө $23 миллиард өлчөмүндө узак мөөнөттүү инвестицияларды жумшаган.