Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча
агенттигинин аткаруучу директору Эркебай МУРЗАБЕКОВ:
“ӨЛКӨДӨ ДЕПОЗИТТЕРДИН КЕПИЛДИГИН
КАМСЫЗДОО – БУЛ КАЛКТЫН БАНК СИСТЕМАСЫНА
БОЛГОН ИШЕНИМИН АРТТЫРУУ БОЛУП САНАЛАТ”
30 март 2021 жылы «Эркин Тоо» газетасына берген маектен үзүндү.
— Эркебай Рустамович, 22-марттан 28-мартка чейин Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өткөрүлүптүр, анын максаты жана мааниси жөнүндө айтып берсеңиз?
— Туура, Улуттук банктын демилгеси менен өтүп жаткан жумалыкка биздин агенттик 2016-жылдан бери башка финансылык мекемелер менен кошо активдүү катышып келе жатат.
Айтып кетүүчү нерсе – бул Дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашык өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү ири компания. Биздин агенттик жана башка финансылык жана эл аралык мекеме-уюмдар менен биргеликте бул жумалыкта финансылык сабаттуулук боюнча жалпы билим берүү иш-чараларын; мектеп, жогорку окуу жайларында
финансылык сабаттуулук сабактарын, лекцияларын, университеттерде көчмө лекциялар менен тренингдерди, ММКларда, Теле жана радиодо финансылык маектер, агенттикте экскурсиялар менен ачык эшик күндөрүн, ар кандай видеороликтер жана балдардын тарткан сүрөттөрү боюнча сынактарды, ж.б. иш-чараларды өткөрүп келе жатат.
2020-жылдагы пандемияга чейинки мезгилде биздин агенттиктин адистери республиканын бардык аймактарына барып, лекцияларды окуп, жарандарга, ишкерлерге, банк кызматкерлерине, аманатчыларга, окуучуларга жана студенттерге депозиттерди коргоо системасы жөнүндө жана финансылык каржылоо жактан сабаттуу болуу азыркы учурдун өтө маанилүү маселеси экенин айтып беришчү.
Ачык эшиктер, лекциялар, семинарлар жана башка иш-чаралардын баарында агенттик жаш муундарга жана өлкөбүздүн жалпы жарандарына финансылык билимдин өркүндөтүүсүнө өз салымын кошуп келе жатат. Депозиттерди коргоо фонду деген эмне, депозиттер боюнча кепилдикти жана коргоону ким ишке ашырат, кайсы аманаттар коргоого алынган банктын кепилденген аманатчысы ким болуп саналат деген ж.б суроолорго толук маалымат берип келе жатат.
«Эркин Тоо» гезити 30 март 2021 жыл et_30_03
Кененирээк: http://erkintoo.kg/#dearflip-df_5709/9/