[:KY]
2023-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап, биринчи окууда , бекитилди.
Комитеттин жыйынында мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Амангелдиев Данияр Жолдошевич сунуштады.
Сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорунда банктарда, микрофинансылык компанияларда же турак жай-сактык кредиттик компанияларда кепилдик учур келип чыкканда, башкача айтканда алар соттук тартипте банкрот деп таанылган учурда аманатчыларга (жеке жактарга) компенсациянын суммасын 200 миң сомдон 1 миллион сомго чейин көбөйтүү каралып жатат.
Азыркы мезгилде «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кепилдик учур пайда болгондо ар бир аманатчыга баардыгы болуп — депозиттердин пайызы менен кошкондо 200 миң сомдон ашпаган компенсация төлөнөт.
Эми болсо, банк, микрофинасылык компания же турак жай-сактык кредиттик компания банкрот деп эсептелип, банкроттоо процедурасы башталган күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбестен, жоюу процедурасы кайсы стадияда экенине карабастан алардын аманатчыларына Депозиттерди коргоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллион сомдон ашпаган компенсация төлөнөт.
Бул долбоор эл арасында банкка аманат салууга болгон ишенимди жогорулатууга жана өлкөдө финансылык туруктуулукту чыңдоого багытталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына элден олуттуу каражат тартууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле жогоруда айтылган өзгөртүү кабыл алынса элде өзүнүн акчаларын ар кайсы банктарга майдалап салбастан, 1 млн сомго чейин акчасын бир эле банкка, микрофинасылык компанияга же турак жай-сактык кредиттик компанияга коркпостон салууга ишеним пайда болот.
[:]