Депозиттер үчүн компенсация суммасы 1 млн. сомго чейин көбөйтүлгөн болот. ЖК мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алышты.
2023-жылдын 27-апрелинде жогорку Кенештин отурумунда депутаттар үчүнчү окууда «Банктык депозиттерди коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорун карап чыгышты жана кабыл алышты.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин Төрагасы.
Мыйзам долбоору кепилдик берүү иш-чарасы (банкроттук) болгон учурда коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай жана курулуш кредиттик компанияларынын салымчыларына депозиттер үчүн компенсация суммасын 200 миң сомдон 1 млн сомго чейин көбөйтүүгө багытталган.