Ишеним натыйжалуу аракеттенүүнүн катализатору сымал!
Урматтуу мекендештер, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо Агенттиги сүйүнчү кабар маалымдайт, 2023-жылдын 10-июнунан баштап, кепилдик учур келгенде депозиттердин компенсациясынын суммасы 1,000,000 сомду түздү!!!
Бул маанилүү иш-чара, мамлекеттик органдардын натыйжалуу ишин көрсөтүп, банк тутумуна ишеним деңгээлин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо максатына багытталган.
Маалымат үчүн:
2009 жылы – компенсациянын суммасынын биринчи жогорулашы 20 000 сомдон – 100 000 сомго чейин.
2016 жылы — компенсациянын суммасынын экинчи жогорулашы 100 000 сомдон 200 000 сомго чейин.
2023 жылы — компенсациянын суммасынын үчүнчү жогорулашы 200 000 сомдон — 1000 000 сомго чейин.