2023-жылдын 15-июнунда Эл аралык илимий-практикалык конференция “Депозиттерди камсыздандыруу системаларынын санариптик келечеги. Пландар жана перспективалар», Беларусь Республикасынын мамлекеттик мекемеси «Банктык аманаттардын компенсациясын кепилденген агенттиги» тарабынан уюштурулган.
Конференцияга Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Грузия, Түркия, Азербайжан жана Сингапур депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик) жаатындагы улуттук финансы институттарынын, борбордук банктарынын, IT-компанияларынын өкүлдөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директордун орун басары Байбосунов Нурлан Мокушевич жана IT болүмүнүн системалык администратору Рыскелдиев Бектур Кемелович катышты.
Конференцияда төмөнкү темалар талкууланды:
- Депозиттердин ордун толтуруу системаларынын процесстерин санариптештирүү;
- Убактылуу администрациялоо, банкрот болуу жана жоюу мезгилинде банкты башкарууну санариптештирүү;
- Банктардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн абалын талдоо процесстерин санариптештирүү, календардык жыйымдарды төлөө максатында тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо, аманатчылардын кызыкчылыктарына коркунуч келтириши мүмкүн болгон кырдаалдын ыктымалдуулугуна баа берүү максатында талдоо, ошондой эле банкроттук жана жоюу процессиндеги банктын абалына талдоо жүргүзүү.