2023-жылы 10-августта Кыргыз Республикасында Евразиялык экономикалык комиссиянын финансылык рыноктору боюнча консультативдик кеңешке караштуу ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздоо (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан бутуна тургузуу жана кудуретсиздик (банкротчулук) жаатында мыйзамдарды шайкештикке келтирүү маселелери боюнча эксперттик топтун кезекетеги отуруму болуп өттү.
Оффлайн жана онлайн форматында өтүп жаткан отурумга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын аманттарды камсыздоо (кепилдөө) жаатында улуттук финансылык институттардын жана борбордук банктардын өкүлдөрү катышты.
Отурумду Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев ачты.
Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздоо (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан бутуна тургузуу жана ананы кудуретсиздиги (банкротчулук) жаатында мыйзамдарды шайкештикке келтирүүнүн маселелери төмөнкү темаларда талкууланып келди:
- Трансчегаралык аманаттарды камсыздоо;
- Депозиттерди камсыздоо фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттары;
- Жоюлуп жаткан банктан депозиттерди камсыздандыруучунун каражаттарын өндүрүп алуусу;
- -Банктын банкротчулугуна катышы бар адамдарды жоопкерчиликке тартууда депозиттерди камсыздандыруучунун ролу;
- Аманаттарды камсыздандыруу системасынын натыйжалуу инструменти катары эл аралык кызматташуу.
Эксперттик топтун жумушунун алкагында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин мыйзамдарынын негизинде, ошондой эле ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин мыйзамдарын андан ары шайкештикке келтирүү максатында Депозиттерди жана мамилелерди камсыздандыруунун эл аралык ассоциациясынын сунуштамаларын эсепке алуу менен 20дан ашуун эксперттик корутунду иштелип чыккан жана бекитилген. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин депозиттерди камсыздандыруучу уюмдарынын жана борбордук банктарынын орток иши жалпы финансы рыногун калыптандыруу үчүн чоң мүмкүнчулүктөрдү берет, евразиялык интеграциянын ажырагыс бөлүгү жана Биримдиктин негизги максаттарын ишке ашыруунун камсыздоочу шарты болуп саналат.