Кыргыз Республикасында “Кыргыз Республикасында мамлекеттик баалуу кагаздардын артыкчылыгы жана өнүгүү келечеги” темасында практикалык конференция болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз фондулук биржасы 2023-жылы 18-20-август күндөрү “Кыргыз Республикасында мамлекеттик баалуу кагаздардын артыкчылыгы жана өнүгүү келечеги” темасында практикалык конференцияны өткөрдү. Конференциянын жүрүшүндө Финансы министринин орунбасары Руслан Татиков куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөрдү айтып чыкты: “Эми ар бир жаран уюлдук тиркеме аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алса болот. Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасы менен бирге MegaPay төлөм системасынын ишке киргизилишин демилге кылды. Жакын арада MEGA Инвестициялар аттуу уникалдык сервис ишке киргени турат, ал баалуу кагаздарды онлайн сатып алуу үчүн брокердик компаниялар аркылуу биржанын санарип платформасына өтүүгө жардам берет. MegaPay төлөм системасынын жана Кыргыз фондулук биржасынын интеграцияланышы Кыргызстанда биринчи жолу санарип платформаны ишке киргизүүгө жардам берет, ал жерден реалдуу убакыт режиминде КФБ листинг процедурасынан өткөн корпоративдик акциялар жана облигациялар жеткиликтүү болот.”.
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев конференциянын алып баруучусу болду.
Коммерциялык банктардын, Азиянын өнүктүрүү банкынын, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин өкүлдөрү, Москва фондулук биржасынын жана Казакстан фондулук биржасынын өкүлдөрү дагы катышты. Конференциянын негизи болуп практикада колдонуу үчүн тажрыйбаны изилдөө жана мыкты чечимдерди иштеп чыгуу саналат, бул Кыргызстанда мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун натыйжалуу өнүгүшүн камсыз кылмак.
Панелдик сессияда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директорунун орунбасары Нурлан Байбосунов “Кыргыз Республикасында ислам финансы инструменттерин өнүктүрүү келечеги” темасында бетачар жасады. “Эгемен сукук” мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгарылышы жана жүгүртүлүшү жана мамлекеттик Шариат кеңештерин уюштуруу боюнча дүйнөлүк тажрыйбанын талдоосу сунуш кылынды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга карата Ислам экономикалык плтаформасын өнүктүрүү концепциясында Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү боюнча негизги артыкчылыктуу багыттар жана иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу индикаторлору бекитилген.
«Кыргызмобайлкомпани» өкүлү мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча биринчи уюмлдук тиркеме жөнүндө катышуучуларга айтып берди. Сервистин уникалдуулугу телефондун теңдеминен же КФБ менен бирге пилоттук долбоордун алкагында виртуалдык терезенин жардамы менен төлөм жасап, КФБ жана онлайн брокердик компаниялардын санарип платформасына өтүүгө жол берет.