Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунда семинар–лекция өттү.
Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлаганда” деген ураандын алкагында Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун студенттерине лекция-семинар өттү.
Студенттер үчүн Дүйнөлүк каражат топтоо күнү жана Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы деген темаларда лекция-семинарды Агенттиктин кызматкерлери интерактивдүү форматта өтүштү.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн максаты акча сактоо маданиятын өнүктүрүү үчүн балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат, анткени үнөмдөө адамдын келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Хэштеги:
#каражаттоптоо2023
#worldsavingsday2023