КООПСУЗ АМАНАТТАР ЖЕ КАЙСЫ ДЕПОЗИТТЕР МАМЛЕКЕТТИН КОРГООСУНДА ТУРАТ?
Депозиттер буга чейин эле акчаны топтоонун, ал тургай кээде сактоонун салттуу жолу болуп калды. Бул анын жөнөкөй жана түшүнүктүү болгону менен түшүндүрүлөт: эсеп ачуу үчүн сиз каржылык-кредиттик мекемеге келип, ылайыктуу депозитти тандап, банк менен келишим түзөсүз.
Депозиттик эсеп талап кылынганга чейин же мөөнөттүү болушу мүмкүн. Айырмасы, биринчи вариант банкта акча сактоо үчүн колдонулат, адатта, анын же пайызы жок же өтө эле төмөн болот. Киреше алуу үчүн 3 ай же андан ашык мөөнөткө мөөнөттүү депозиттер тандалат. Мөөнөтүнө жараша аманатчыга пайыздар чегерилет. Бул жердеги эреже — узак мөөнөттүү аманаттар жогорку пайыздык ченге ээ болот.
Ошол эле учурда расмий статистиканы карасак, кыргызстандыктарга жаккан жана кеңири таралганы — бул жайгаштыруу мөөнөтү 12 айга чейинки сом түрүндөгү депозиттер экен. Мындай депозитти ачууда, сиз 14-15% кирешесине бел байласаңыз болот. Салыштыруу үчүн, февраль айында максималдуу пайыздык көрсөткүч 12% болчу.
Биздин бир катар жарандарыбыз жогорулатылган ченден пайдаланып, январь-сентябрь айларында бир жылга чейинки мөөнөткө 45,9 миллиард сомго чейин аманаттарын жайгаштырышты. Ал эми сумманын өлчөмү кыргызстандыктар банктарга ишенерин көрсөтүп турат. Ал дагы бекеринен эмес – Кыргызстандагы бардык депозиттер мыйзам тарабынан корголот, ал эми жарандардын укуктарын сактоо жагында Депозиттерди коргоо агенттиги жооп берет.
ӨЗГӨРҮЛМӨ ШАРТТАРДА ФИНАНСЫЛЫК КООПСУЗДУКТУН КҮЧӨТҮЛҮШҮ
Депозиттерди коргоо системалары азыр дүйнөнүн 95тен ашык өлкөсүндө бар. Депозиттерди коргоонун улуттук системаларын түзүү зарылчылыгы биринчи жолу 80-жылдардын аягы жана 90-жылдардын башындагы финансылык кризистин учурунда пайда болгон. Андан кийин көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү банкрот болгон банктардын көптөгөн аманатчыларынын көйгөйлөрүн чечүү зарылдыгына туш болгон.
Кыргызстанда Агенттик 2008-жылы гана түзүлгөн. Ошондон бери ал жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттарын коргоп келет. Анын үстүнө Кыргызстандын жарандарыныкын да, резидент эместериникин да. Быйыл Агенттикке 15 жыл болду.
Келечекте Агенттик депозиттерди коргоого алынган адамдардын чөйрөсүн кеңейтүүнү караштырууда. Бул үчүн Агенттик тарабынан иштетилип жаткан Депозиттерди коргоо фондун капиталдаштыруунун белгилүү деңгээлине жетишүү зарыл. Маселен, чакан бизнести коргоо менен жабуу үчүн фондду 15 миллиард сомго, орто бизнести 20-30 миллиард сомго чейин көбөйтүү керек. Учурда фонддун көлөмү 5,6 миллиард сомго бааланган.
Калыстык үчүн айта кетчү нерсе, Агенттик бир орунда турбай, депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугунун үстүндө тынымсыз иштеп жатат. Ошентип жакында парламентте жаңы мыйзам долбоору үч окуудан ийгиликтүү өтүп, ал азыр Президент колтамгасын коюу үчүн жол-жоболордон өтүп жатат.
Кененирээк akchabar.kg деген жерден окуңуз.