Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 2023-жылдын 4-декабрында Дүйнөлүк банк уюштурган “Кыргыз Республикасында финансылык стабилдүүлүктү жогорулатуу, инновациялык финансы кызмат көрсөтүүнү жайылтуу жана кеңейтүү” темасындагы Кереге кеңешке катышты. Кереге кеңештин жүрүшүндө Финансы секторун өнүктүрүү программасы алкагындагы жыйынтыктар чагылдырылды.
Дуйнөлүк Банк Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу (SECO) менен он жыл бою 2023-жылдын экинчи жарымында аяктаган финансылык секторду өнүктүрүү программасы алкагында техникалык консультативдик жардам көрсөтүп келген. Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев мырза жана Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хасан Накви Навид мырза менен жолугушуунун жүрүшүндө ага Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасына жасаган салымы үчүн ыраазычылык кат жана эстелик белек тапшырылды.
Кереге кеңеште Кыргыз Республикасында «Өнүктүрүү үчүн финансы» (F4D) өнөктөштүктүн долбоор-улантуучусу тууралуу бетачар болду. Жаңы программаныны негизги багыттары финансылык стабилдүүлүктү арттыруу үчүн ченемдик-укуктук базаны жана көзөмөл базасын; инновациялык каржылоону илгерилетүү эсебинен жаңы инновациялык өнүмдөр аркылуу фиинансы секторунун тең ала жүргөндүгүн, “жашыл” жана туруктуу финансылоонун активациясын камтыйт. Бул долбоор Кыргыз Республикасында финансы секторунун жакшыруусуна, ошондой эле өлкөнүн омоктуу экономикалык өсүшүнө жана өнүгүшүнө көмөктөшөт.
Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики приняло участие в Круглом столе на тему «Повышение финансовой стабильности, содействие распространению и расширению доступа к инновационным финансовым услугам в Кыргызской Республике», который был организован Всемирным банком 04 декабря 2023 года. Во время круглого стола освещены результаты работ в рамках завершенной Программы развития финансового сектора.
Всемирный банк при финансовой поддержке Правительства Швейцарии (SECO) на протяжении десяти лет оказывал техническую консультационную помощь в рамках программы развития финансового сектора, которая завершилась во второй половине 2023 года. В ходе встречи исполнительного директора Агентства по защите депозитов К.Дж.Букуева с главой представительства Всемирного банка в Кыргызской Республике г-ном Навидом Хасаном Накви было вручено благодарственное письмо за вклад в развитие системы защиты депозитов Кыргызской Республики и памятный сувенир.
На круглом столе также состоялась презентация нового проекта-преемника партнерства «Финансы для развития» (F4D) в Кыргызской Республике. Основные направления новой программы охватывают модернизацию нормативно-правовой и надзорной базы для повышения финансовой стабильности; инклюзивность финансового сектора посредством новых инновационных продуктов, активизацию «зеленого» и устойчивого финансирования за счет продвижения инновационного финансирования. Данный проект будет способствовать улучшению финансового сектора Кыргызской Республики, а также устойчивому экономическому росту и развитию страны.