Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен бирге Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын № 353-т тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев бекиткен “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жобосун аткаруу максатында Депозиттерди коргоо боюнча агенттик 2023-жылдын 5-декабрында “Айтматов феноменинин калыптанышы” темасында чакан маектешүү таризинде конференция өткөрдү. Конференциянын ишине Улуттук комиссиянын орун басары, филология илимдеринин доктору, манас таануучу, Жылдыз Калмашевна Орозобекова, “Манас” улуттук академиясынын “Эпостаануу” борборунун жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, негизги баяндамачы, Жүрсүн Муханбетовна Орозалиева, Улуттук комиссиянын адиси, Гульчехра Шералиевна Мадумарова, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев, аткаруучу директордун орун басары Нурлан Мокушевич Байбосунов жана Агенттиктин жамааты толук катышты.
Аталган иш-чарада негизги учурашуу сөзүн Агенттиктин аткаруучу директору К.Дж. Букуев сөзүндө Агенттиктин мамлекеттик тилге мамилеси жана мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары мамлекеттик тилдин конституциялык мааниси тууралуу кеп козгоп, Агенттик сыяктуу уюмдар документ жүгүртүүдө кыргыз тилин кеңири колдонуусу мамлекеттин бүтүндүгү үчүн кандай мааниге ээ экендигин баса белгилеп кетти.
“Чыңгыз Айтматов феноменинин калыптанышы” темасында ф.и.к., Ж.М. Орозалиева катышуучулар үчүн кызыктуу баяндама жасап, Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянындагы айрым кызыктуу фактыларга кеңири токтолуп, иш-чаранын катышуучулары менен кызыктуу маек алып барды.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышуучулар бул сыяктуу иш-чараны келечекте мезгилдүү иш-чаралардын катарына киргизүү сунушун айтышты. Агенттиктин жетекчилиги жана кызматкерлери, Улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана “Манас” улуттук академиясынын өкүлү кыргыз тилиндеги иш-чараларды расмий майрамдарга карата уюуштурууну салтка айлантууну макулдашты.