Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Россия Федерациясынын Депозиттерди камсыздандыруу агенттигинин мамлекеттик корпорациясы тарабынан уюштурулган “Ийгиликтин тарыхы: Россиянын депозиттерди камсыздандыруу системасына 20 жыл” аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Конференцияга Россия Федерациясынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарынын, 20 өлкөнүн банк-финансы секторунун, эксперттик коомчулуктун, анын ичинде ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларынын өкүлдөрү катышты.
Башкы тема депозиттерди коргоо механизмдерин өркүндөтүү болду. “Депозиттерди камсыздандыруу уюмдарынын ишмердүүлүгүн санариптик трансформациялоо” биринчи сессиясынын алкагында жасалма интеллектти өнүктүрүү жана аны финансы секторунда колдонуу боюнча талкуу болду.
Төртүнчү сессиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Жумабекович Букуев “ЕАЭБ алкагында аманатчыларды коргоо механизмдерин жана башка ургаалдашкан эл аралык бирикмелерди шайкештикке келтирүү” темасында баяндама жасады.
Депозиттик системанын камсыздандыруучуларынын жана борбордук банктардын жетекчилеринин “Келечекке көз салуу” темасындагы панелдик сессиясында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор кеңешинин төрайымы Роза Корчубековна Акназарова сөз сүйлөдү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Жумабекович Букуев жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин инвестиция боюнча менеджери Ч.М.Танабаев Кыргыз Республикасынын делегациясынын өкүлдөрү катары Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча Консультативдик комитетине караштуу ЕАЭБ аймагында банктык депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик), кредиттик мекемелерди жоюу, финансылык реабилитациялоо жана банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча экспорттук топтун отурумуна катышты.