Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлерине “Кыргызтесттин” С1, В2 деңгээлиндеги сертификаттары тапшырылды
2024-жылы 20-февралда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлерине Кыргызтесттин С1, В2 деңгээлиндеги сертификаттар тапшырылды. Иш-чара Агенттиктиктин конок үйүндө Директорлор Кеңешинин төрайымы Роза Корчубековна Акназарова, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская, Агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуевдин жана кызматкерлердин катышуусунда өттү.
Салтанаттуу иш-чараны К.Дж. Букуев куттуктоо сөзү менен ачып, Агенттиктин ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу кыскача маалымат берди.
Б.Б. Топоева-Ставинская Кыргызтесттин сертификаттарын тапшыруу салтанаттуу аземин Агенттиктин аткаруучу директору К.Дж. Букуевге С1 деңгээлиндеги сертификатын тапшыруудан баштап, Агенттиктин Директорлор кеңешинин төрайымы Р.К. Акназарованын, Агенттиктин Аткаруучу органынын дарегине конституциялык макамга ээ болгон кыргыз тилине жасап жаткан мамилеси үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен бирге, Агенттиктин аткаруучу директору менен кызматкерлеринин жогорку упайдагы С1 жана В2 сертификаттарын ээ болгонун ийгилик катары баса белгилеп кетти.
Өз кезегинде, Р.К. Акназарова “Кыргызтесттин” директору Б.Б. Топоева-Ставинскаяга Агенттиктин “Ыраазычылык катын” тапшыруу менен мамлекеттик тилдин бүгүнкү Кыргызстандагы жүрүшү өзөктүү болуш керек экендигин айтып кетти. Агенттиктин жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин “Кыргызтесттен” өз ыктыяры менен өтүү демилгеси жогорку атуулдук аң-сезим катары бааланды.