Урматтуу айымдар!
Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт.
Оболу, Ала –Тоо көркү ак элечек апалар экенин, Сиздердин үй-бүлөдөгү гана эмес, коомдогу ордуңуздар өзгөчө экенин белгилеп кеткибиз келет.
Үйдөгү жылуулукту, мээримди камсыздаган жана коомдогу туруктуулукту, ынтымакты бекемдеген аялдар болуп саналат. Элибизде эне үйдүн куту, кыздын кырк чачы улуу деген накыл кептерге таазим кылуу менен, аялдардын табигый улуулугу, аруулугу жана бийиктиги даңазалана берсин!