«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары-Мыйзам) ылайык, «АБН» МФК ААК 2024-жылдын 12-апрелинен тартып Депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын реестрине киргизилди.
Азыркы учурда Депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары болуп 23 банк жана 2 микрофинансылык компания саналат.
Депозиттерди коргоо системасы кепилденген учур келгенде Мыйзамда каралган суммада жана ыкмаларда компенсацияларды берүү жолу менен банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын депозиттерди кабыл алууга лицензиясы бар) аманатчыларын коргоого, ошондой эле бүтүндөй банк тутумунун туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган.
Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга суммасы 1000000 (бир миллион) сомдон ашпаган компенсация төлөнүп берилет.