2024-жылдын 15-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кичи залында Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев жана агенттиктин кызматкерлери Кыргыз-Кытай институтунун студенттери жана мугалимдери үчүн депозиттерди коргоо системасы жөнүндө лекция окуп беришти.
Институттун директору Апаева Софья Хусейновна куттуктоо сөз сүйлөп, азыркы учурда жаштарды жана студенттерди тарбиялоодо финансылык сабаттуулук актуалдуу болуп жатканын баса белгилеп, лекциядан кийин студенттер акча үнөмдөөнүн жол-жоболорун туура колдонгонду үйрөнүшөт жана аманаттар кантип камсыздандырылат деген ишеними бар экенин, ошондой бул лекция студенттерге жардам берерин айтып кетти.
К.Букуев Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын жарыялап, өткөн жылдагы өзгөчө мааниге ээ болгон маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири болуп банктардын, ошондой эле микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (депозиттерди кабыл алууга Улуттук банктан лицензиясы барлар) аманатчыларына компенсациялардын өлчөмүн көбөйтүүсү 200 миң сомдон 1 миллион сомго чейин өскөнүн белгилеп кетти.
Мындан тышкары, депозиттерди коргоо системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Агенттикке учурда банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү карыз алуучулардын кайрылууларын кароо функциялары жүктөлгөн деп К.Букуев сөзүн улантты.
Ошондой эле, агенттиктин кызматкерлери 2024 Дүйнөлүк Акча Жумалыгы (Global Money Week), банк сектору жана депозиттерди коргоо фонду боюнча статистикалык маалыматтарды берип, студенттер менен мугалимдердин суроолоруна жооп беришти, жалпысынан презентация-лекция интерактивдүү форматта өттү.