Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин бизнес-процесстерин санариптик трансформациялоо жаатында мындан аркы кызматташууну жана консультацияларды өнүктүрүүнүн алкагында “GNI Software” компаниясынын өкүлү менен жолугушуу болуп өттү. “GNI Software” компаниясы банктар, банктык эмес уюмдар, лизингдик компаниялар, мамлекеттик уюмдар, анын ичинде Кредиттик кепилдик фонддору, депозиттерди камсыздандыруу фонддору, почта компаниялары жана башка мамлекеттик уюмдар үчүн автоматташтырылган системаларды ишке киргизген.
Бир нече жыл ичинде GNI Software Азербайжандын Депозиттерди Камсыздандыруу Фондунун бизнес процесстерин 100% автоматташтырды. 2016-жылдан 2018-жылга чейин ушул эле компания Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинде долбоорду ишке ашырып, анын натыйжасында Агенттиктин бизнес-процесстеринин 64%ы жылдырылды. GNI Software тарабынан иштелип чыккан программалык продуктуну ийгиликтүү илгерилеткен Азербайжандын Депозиттерди Камсыздандыруу Фондунун кесиптештеринин тажрыйбасын жана билимин колдонуу Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинде автоматташтыруу жана санариптештирүү процессин 100%га чейин өнүктүрүүнү тездете алат.
Тараптар Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү жаатында мындан аркы кызматташууну талкуулашты.