РК «Аманбанк» ААК депозиттерди коргоо системасынын банк катышуучулар реестринен чыгарылды
РК «Аманбанк» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна уруксат берилген операциялардын тизмеси менен 2017-жылдын 22-июнундагы №031 лицензиясын тапшырганына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Аткаруучу директорунун 2024-жылдын 21-июнундагы буйругунун негизинде РК «Аманбанк» ААК депозиттерди коргоо системасынын банк катышуучулар реестринен чыгарылды.