Евразия аймактык комитетинде депозиттерди камсыздандыруучулар менен эл аралык кызматташтыкты чыңдоо
2024-жылдын 4-6-июлунда “Депозиттерди камсыздандыруучулар жана банктарды жөнгө салуу: Учурдагы абалы жана келечектин чакырыктары” деген темада эл аралык конференция болуп өттү. Ошону менен бирге Грузиянын Тбилиси шаарында Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясынын Евразиялык аймактык комитетинин жылдык жыйыны жана Европа аймактык комитетинин жыйыны өттү. Эл аралык иш-чараларды Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясы Грузиянын депозиттерди камсыздандыруу агенттиги менен бирге уюштурулган.
Конференцияга 30 өлкөдөн депозиттерди камсыздандыруучу уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Конференциянын жүрүшүндө банктарды реструктуризациялоо процессинде ыкмаларды колдонуу практикасы жана Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясынын Евразиялык жана Европалык аймактык комитеттердин мүчө-өлкөлөрүнүн көзөмөл органдары тарабынан чечимдерди кабыл алууга депозиттерди камсыздандыруучулардын катышуусу сунушталган банктарды жөнгө салуу маселелери талкууланды. Германиянын, Австриянын, Казакстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Грузиянын жана Польшанын депозиттерди камсыздандыруу фонддорунун спикерлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, берилген тема боюнча талкууларды өткөрүштү.
Евразиялык аймактык комитеттин жылдык жыйынында Кыргыз Республикасынын, Армениянын, Грузиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Монголиянын депозиттерди камсыздандыруучу уюмдарынын жетекчилеринин регионалдык комитеттин мүчөлөрүнүн депозиттерди камсыздандыруу системаларынын жетишкендиктери жөнүндө отчеттору угулду.
2024-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги менен Грузиянын Депозиттерди камсыздандыруу боюнча агенттигинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана Түркиянын Сактык камсыздандыруу фондунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
Өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюунун максаты — депозиттерди камсыздандыруу чөйрөсүндө маалымат алмашуу, кызматташтыкты чыңдоо жана Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациянын мүчөлөрү менен биргелешкен иштерди жүргүзүү.
Маалымат үчүн: Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясы (IADI) – бул депозиттерди камсыздандыруу уюмдары, финансылык коопсуздуктун башка катышуучулары жана эл аралык каржы институттары аманатчыларды коргоо, банктарды жөнгө салуу жана финансылык туруктуулук чөйрөлөрүндө мыкты тажрыйбаларды жайылтуу үчүн биргелешип иштеген глобалдык форум. Учурда анын 98 мүчөсү (депозиттерди камсыздандыруучулар), 11 ассоциацияланган мүчөсү (борбордук банктар жана башка улуттук бийлик органдары) жана 17 өнөктөшү (коммерциялык эмес улуттук жана эл аралык уюмдар) бар. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 2013-жылдан бери Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясынын мүчөсү болуп калды.