Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБ аймагында банктык депозиттерди жана кредиттик уюмдардын финансылык системасын жакшыртуу үчүн мыйзамдарды шайкештикке келтирүү маселелери боюнча эксперттик топтун жыйыны болуп өттү
2024-жылдын 17-18-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын финансылык рыноктору боюнча консультативдик кеӊешке караштуу Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздоо (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан бутуна тургузуу жана кудуретсиздик (банкротчулук) жаатында мыйзамдарды шайкештикке келтирүү маселелери боюнча эксперттик топтун жыйналышы болуп өттү. Бул эксперттик топ 2019-жылы Евразиялык экономикалык комиссиянын финансылык рыноктору боюнча консультациялык комитетинин алдында түзүлгөн.
Эксперттик топтун жыйналышына Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасы тарабынан катышты. Жыйналыштын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн депозиттерди камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча негизги маселелер талкууланып, кабыл алынды. Ошондой эле жыйналышда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлери эл аралык депозиттерди камсыздандыруучу ассоциациянын аналитикалык белгилери боюнча баяндамаларды беришти. Жыйналыштын жыйынтыгында депозиттерди камсыздандыруу агенттиктеринин жетекчилери Кыргыз Республикасы тарабынан докладтардын даярдалышынын жогорку деңгээлин белгилешти.