ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча эксперттик топтун отуруму.
2024-жылдын 22-октябрында депозиттерди кепилдөө боюнча Казакстан фонду Евразиялык экономикалык комиссиянын финансылык рыноктору боюнча консультативдик кеӊешке караштуу Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздоо (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан бутуна тургузуу жана кудуретсиздик (банкротчулук) жаатында мыйзамдарды шайкештикке келтирүү маселелери боюнча эксперттик топтун кезектеги отуруму уюштурулду. Бул отурумда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин атынан анын аткаруучу директорунун орун басары Н.М. Байбосунов жана Агенттиктин кызматкерлери, Танабаев Ч. М. жана Шергазиев С. Ж. катышты.
Эксперттик топтун отуруму «Казакстан депозиттерди кепилдөө фондунун» төрагасы А.Н. Утембаевдин саламдашуу сөзү менен башталып, андан ары отурумду Евразия экономикалык комиссиясынын каржы саясаты департаментинин директорунун орун басары А. Д. Красинский ачты. Күн тартибинде көрсөтүлгөн корутундунун долбоорлорун талкуулоодо Евразия экономикалык комиссиясынын каржы саясаты департаментинин директорунун орун басары А.Д. Красинский төрагалык кылды.
Отурумдар төмөнкү эксперттик корутундулар каралып, талкууланды:
«Аманаттарды камсыздандыруу системасындагы банктардын мүчөлүгү» параметри боюнча эксперттик топтун корутундусун ревизиялоо;
«ССВ катышуучу банктардын төгүмдөрүнүн түрлөрү жана аларды аныктоонун жана депозиттерди камсыздандыруу фондуна төлөөнүн тартиби» параметри боюнча эксперттик топтун корутундусун ревизиялоо;
«Төгүмдөрдүн өлчөмүн азайтуу жана/же аманаттарды камсыздандыруу (гарантиялоо) системасына катышуучу банктар тарабынан төгүмдөрдү төлөөнү токтото туруу мүмкүнчүлүгү»параметри боюнча эксперттик топтун корутундусун ревизиялоо;
«Депозиттерди камсыздандыруу фондунун максаттуу өлчөмү» параметри боюнча эксперттик топтун корутундусун ревизиялоо;
«Жоюлуп жаткан банктын активдерин Башкаруу жана аларды сатуу» параметри боюнча корутундунун долбоорун кайрадан кароо;
Эксперттик топтун кийинки отурумунун күн тартибин талкуулоо;
Эксперттик топтун 2025-жылга Иш планын талкуулоо;
«АКА» мамлекеттик корпорациясында ички контролдун жана тобокелдиктерди башкаруунун иштеши боюнча эл аралык тажрыйбаларды колдонуу»баяндамасы;
«Терминдердин сөздүгү (маалымдамасы)» маселесин талкуулоо.