Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдик) боюнча уюмдардын жетекчилер кеңешинин отуруму
2024-жылдын 23-октябрында Казакстандын депозиттерди кепилдөө боюнча фонду тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттердин аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдөө) боюнча уюмдардын жетекчилеринин кезектеги жыйналышы уюштурулду, ага Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору К. Дж. Букуев катышты.
Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттердин аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдөө) боюнча уюмдардын жетекчилеринин кеңешинин отурумунда төмөнкү маселелер каралып, талкууланды:
— Банк секторундагы кырдаал, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдөө) системалары жөнүндө кыскача маалымат алмашуу;
— ЕЭКтин эксперттик тобунун ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин Банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан чыңдоо жана банкроттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелери боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлүнүн баяндамасы;
— ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттеринин аманаттарын камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдардын кызматкерлери үчүн болуп өткөн биринчи көп тараптуу практикалык семинардын жыйынтыктарын талкуулоо;
— 2025-жылга практикалык семинарларды өткөрүүнүн план-графигин талкуулоо.
— 2025-жылы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн депозиттерди камсыздандыруучу уюмдарынын бетме-бет иш-чараларын өткөрүүсүн талкуулоо;
— Депозиттерди коргоо жана аны эксперттик топтун ишинде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ЕАЭБ маалыматтык порталынын иштөө регламентин бекитүү;
— Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясынын жана ЕЭКтин ишмердүүлүгү жана өнүгүү пландары жөнүндө маалымат.