Агенттиктин өкүлдөрү И.Арабаев атындагы КМУнун илимий-практикалык конференциясына катышты
2024-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги И. Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына жана жана Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган “Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнө коррупциянын таасири” деген темада илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференцияга банктардын, сот департаментинин өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курам, магистранттар жана аспиранттар катышты.