Коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары боюнча кызматкерлер арасында маалыматтык иш-чара өткөрдү
Иш-чара Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардагы негизги өзгөртүүлөр жөнүндө болду жана Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу чаралары жана Коррупция үчүн жоопкерчиликке тартуу тартиби талкууланды.
Коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик документтердин бири болуп “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы саналат (08.08.2012-Ф. № 153). Бул мыйзам коррупцияга каршы күрөштүн негизги принциптерин, механизмдерин жана багыттарын аныктайт, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык укук бузуулардын алдын алуунун укуктук негиздерин белгилейт.
Бул мыйзамдын негизги жоболоруна төмөнкүлөр кирет:
- Коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды көрүү мамлекеттик органдардын милдети.
- Коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталышын контролдоо механизмдерин түзүү.
- Мамлекеттик кызматкерлердин жана жарандардын коррупцияга каршы маданиятын калыптандыруу.