Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин ролун мыкты чагылдыруу үчүн журналисттер арасындагы жарыяланган сынактын мөөнөтүн 2023-жылдын 11-декабрына чейин узартуу жөнүндө жарыя
Биз журналисттерди, жеке авторлорду, басма, телевидение, радио, электрондук жана аудиовизуалдык маалымат каражаттарынын чыгармачыл топторун чакырабыз.
Сынак Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) төмөнкү номинациялары боюнча өткөрүлөт:
• Басма жана интернет, социалдык тармактардагы басылмалардын эң мыкты басылмасы.
• Телекөрсөтүүдөгү эң мыкты материал.
• Телерадио каражаттарындагы эң мыкты материал.
Сынакка катышуу материалдарын deposit@deposit.kg же Бишкек ш., Москва көч., 190 дареги боюнча жөнөтүлөт.
Сынак иштери 2023-жылдын 11-декабрын кошкондо, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү
Сынактык материалдар 2023-жылдын 18-сентябрынан 11-декабрына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек.
Сынакты өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү жарыялоо – 2023-жылдын 25-декабрына чейин
Сынактык материалдарды баалоо критерийлери
— баяндоонун объективдүүлүгү;
— колдонулган маалыматтардын ишенимдүүлүгү, жеткиликтүү баяндоо;
— теманын толук ачуу;
— ар түрдүү форматтар жана визуализация (мултимедиа).
Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлыктар
Калыстар тобу жыйынтык чыгарып, 3 номинация боюнча үч жеңүүчүнү аныктайт.
Толук маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыз болот:
www.deposit.kg
+996 (312) 456 456 (ички 110);
+996 (709) 720 201