Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 2023-жылдын 5-декабрында “Айтматов феноменинин калыптанышы” темасында чакан маектешүү таризинде конференцияны сапаттуу деңгээлде өткөргөнү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын № 353-т тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев бекиткен “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жобосун аткаруу максатында Депозиттерди коргоо боюнча агенттик 2023-жылдын 5-декабрында “Айтматов феноменинин калыптанышы” темасында конференция өткөргөн.
Конференцияга Улуттук комиссиянын орун басары, филология илимдеринин доктору, манас таануучу, Жылдыз Калмашевна Орозалиева, “Манас” улуттук академиясынын “Эпостаануу” борборунун жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, негизги баяндамачы, Жүрсүн Муханбетовна Орозалиева, Улуттук комиссиянын адиси, Гульчехра Шералиевна Мадумарова, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев, аткаруучу директордун орун басары Нурлан Мокушевич Байбосунов жана Агенттиктин жамааты толук катышкан.
Агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуевге Ардак грамотаны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев тапшырып жатып, ийгилик каалап, Агенттиктин аткаруучу директорунун иши башкаларга үлгү боло тургандай жагы бар экенин белгилеп кетти.
Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозалиева Агенттик менен бирге өткөрулгөн конференциянын катышуучусу катары келе жаткан 23-февраль майрамы менен куттуктап, Ардак грамота менен бирге китеп түрүндөгү белектерди тапшырып, Агенттик өзү тууралуу жакшы пикир калтырганын эскерте кетти.
Өз кезегинде, Кадырбек Букуев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишине албан ийгиликтерди каалап, Улуттук комиссиянын мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүүгө зор салымын белгилөө максатында Агенттиктин атынан Ыраазычылык катын тапшырып, мындан ары дагы кызматташууну жигердүү уланта берүү зарылдыгын баса белгилеп кетти.