Депозиттерди коргоо агенттиги 2024-жылдын 11-октябрында өткөн «Гардиян: санариптик коопсуздук жана чечимдер» бизнес иш-чарасына катышты. Иш-чараны CHEKINO (Түркия) компаниясы Кыргызстан банктар союзу менен биргеликте уюштурган.
ÇEKINO Маалыматтык Технологиялары компаниясы IT тармагындагы дайындарга жана көп жылдык тажрыйбага негизделген мазмундук, интеграцияланган чечимдерди иштеп чыгат. Негизги өнүмдөрдүн бири — тармактык мониторинг, кардарлардын мониторинги, патчтарды башкаруу жана санариптик коопсуздук үчүн чечимдерди сунуш кылган системаларды башкаруу платформасы Gardiyan. Gardiyan кардарларды, тармак, PAM, PATCH, инвентаризация жана SOC башкаруу модулдарын камтыйт. Банкоматтарды натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берүүчү банк түзүмдөрү үчүн банкомат модулу да иштелип чыккан.
Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин кызматкерлери санариптик коопсуздук жана IT тармагындагы суроолорго жооп алышты.