“Депозиттерди кепилдөө системасы: структуралык өзгөрүүлөр, трансформация жана жаңы чакырыктар доорунда” аттуу Казакстандын депозиттерди кепилдөө системасынын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференция
2024-жылдын 23-октябрында депозиттерди кепилдөө боюнча Казакстан фонду тарабынан Депозиттерди кепилдөө боюнча Казакстандын системасынын 25 жылдыгына арналган “Депозиттерди кепилдөө системасы: структуралык өзгөрүүлөр, трансформация жана жаңы чакырыктар доорунда” аттуу эл аралык конференция уюштурулган. Бул эл аралык конференцияга депозиттерди камсыздандыруучулардын уюмдары жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин борбордук банктары катышты. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин атынан анын аткаруучу директору, К.Дж. Букуев; аткаруучу директордун орун басары, Н.М. Байбосунов жана Агенттиктин кызматкерлери, Ч. М. Танабаев, С. Ж. Шергазиев жана Б. К. Рыскелдиевдер катышты.
“Финансылык коопсуздуктун туруктуу архитектурасын түзүү: депозиттерди камсыздандыруучулардын ролу жана “safety-net” катышуучуларынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү” темасындагы конференциянын 1-сессиясында төмөнкүдөй баяндамалар сунушталды:
1) “Депозиттерди камсыздандыруу механизмин иштеп чыгуу: чакырыктар, милдеттер, инструменттер жана чектөөлөр” — Казакстан Республикасынын Улуттук банкы;
2) “Казакстандын каржы секторунун туруктуулугуна баа берүү: “FSAPтын” негизги жыйынтыктары жана сунуштары” — Казакстан Республикасынын Улуттук банкы;
3) «Депозиттерди камсыздандыруучунун финансылык коопсуздук тармагынын башка катышуучулары менен натыйжалуу диалогунун принциптери жана практикасы — Россия Федерациясынын аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттиги;
4) «Финансылык туруктуулук системасынын функциялары. Депозиттерди камсыздандыруучу эмне кыла алат?»- Беларусь Республикасынын жеке адамдардын банктык аманаттарынын (депозиттеринин) кепилденген ордун толтуруу боюнча агенттиги;
5) «Финансылык туруктуулукту сактоо системасы (ФТСС): депозиттерди камсыздандыруучунун ФТССтин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүсү -Армения фондунун дүйнөлүк тенденциялары жана тажрыйбасы — Армения Республикасынын аманаттарынын ордун толтурууга кепилдик берүү фонду;
«Депозиттерди камсыздандыруучулардын активдерин инвестициялык башкаруу: жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасындагы конференциянын 2-сессиясында төмөнкү баяндамалар сунушталды:
1) «Активдерди башкаруу тажрыйбасы эталондук портфелге каршы – Казакстан Республикасынын Улуттук банкы;
2) «Казакстандын баалуу кагаздар рыногу: инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү » — Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча Казакстан Республикасынын агенттиги;
3) «Убактылуу бош АКМФ каражаттарын жана агенттиктерди инвестициялоо» — Россия Федерациясынын аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттиги;
4) «Фонддун бош каражаттарын Сукуктун финансылык инструментине инвестициялоо мүмкүндүгү » — Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги.