Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларынын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун отуруму
2025-жылдын 19-февралында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларынын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.
2025-жылга бекитилген планга ылайык, жумушчу топтун отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана Россия Федерациясынын Депозиттерди камсыздандыруу боюнча агенттиги «Электрондук кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу” темасында баяндама жасашты жана ой-пикирлер менен бөлүшүштү.
Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары Россия Федерациясынын Нижний Новгород шаарындагы боло турган практикалык семинарды да талкуулашты.


