Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин укуктук жолдоо жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча сектордун башкы адиси (көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча) бош кызмат ордуна талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт
Квалификациялык талаптар:
- юридикалык жогорку билим;
- тиешелүү жумушта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
- Мыйзам чыгаруу жана ченем жаратуу иш тажрыйба;
- сотто доо коюу иштери боюнча тажрыйба;
- заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен укуктук документтерди системалаштыруу, эсепке алуу жана жүргүзүү боюнча иш тажрыйба;
- жалпы мыйзамдарды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасыны мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама; - предметтик мыйзамдарды билүү:
- “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
- “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деӊгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютердик жактан сабаттуу жана оргтехника менен иштөөнү билүү,
Шарттар:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет;
Милдеттер:
— Агенттиктин ишинде мыйзамдуулукту сактоо боюнча жумуш аткарат жана анын укуктук кызыкчылыктарын коргойт;
— Агенттиктин иши жана депозиттерди коргоо системасы маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар долбоорлорун иштеп чыгуу жолу менен Агенттиктин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү боюнча жумуштарды жүргүзөт;
— Агенттикте даярдалып жаткан буйруктар, нускамалар, жоболор, стандарттар жана укуктук мүнөздөгү башка актылар долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзөт, аларга жоопкерчилигин ырастап кол коёт, ошондой эле зарыл болгон учурларда ушул документтерди даярдоого катышат;
— Агенттикте мыйзамдарды бузуу менен чыгарылган актыларды өзгөртүү же жокко чыгаруу боюнча чараларды кабыл алат;
— Агенттиктин ишинде, ошондой эле макулдашууга келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда пайда болуп жаткан укуктук маселелер боюнча корутундуларды даярдайт;
— Агенттиктин колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен чыгарылган ченемдик укуктук актыларын өзгөртүү же жокко чыгаруу боюнча чараларды көрөт;
— Агенттиктин ишинде келип чыккан укуктук маселелер боюнча корутундуларды, ошондой эле макулдашууга киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону уюштурат.
— Агенттиктин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча укуктук маселелерди кароодо Агенттиктин кызыкчылыктарын сотто, ошондой эле мамлекеттик жана кооомдук уюмдарда коргойт;
— Агенттиктин кызматкерлерине колдонуудагы мыйзамдар жөнундө маалымат берет, ошондой эле Агенттиктин кызмат адамдары тарабынан алардын ишине таандык ченемдик-укуктук актыларды изилдөө боюнча жумуштарды уюштурат;
— Агенттиктин кызматкерлерине укуктук маселелер боюнча консультация берет;
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтүменен);
- өмүр баян;
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү);
- аскердик каттоо документтеринин көчүрмөлөрү (аскер кызматына милдеттүүлөр жана аскер кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар үчүн);
- сунуш каттары (эгер бар болсо).
Документтер 2025-жылдын 20-мартында иш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин, 9.00дөн 17.30га чейин (тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин), Бишкек шаары, Москва көчөсү 190, 1 кабат, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0312 456 456