Глобалдуу акча жумалыгы - 2025

8-апрелде Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинде (КР УТМ) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандагы “Глобалдуу акча жумалыгы — 2025” (GMW-2025) кампаниясынын ачылышы болуп өттү.GMWKG-2025 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана өнөктөш уюмдар тарабынан уюштурулууда.
Глобалдуу акча жумалыгы– 2025 урааны: “Акылмандык башта, эртең акча капчыкта”. Бул ураандын актуалдуулугу жаштарды маалымат мейкиндигинде финансылык инструменттер жөнүндө
ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу зарылчылыгы менен байланыштуу.
Бул масштабдуу иш-чара финансылык сабаттуулуктун актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасына айланды, мында мамлекеттик сектордун, финансы институттарынын, коммерциялык
банктардын өкүлдөрү жана финансылык блогерлер каражат коопсуздук маселелери боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Букуев Кадырбек Джумабекович депозиттерди тартуучу финансылык уюмдар тууралуу айтып берди.
«Урматтуу жаштар! Статистика боюнча Кыргызстандын калкы 7 миллиондон ашык адамды түзөт, анын 35% 14 жаштан 35 жашка чейинки кыргызстандыктар. Жаштардын саны 2 миллиондон ашат, банк кызматтарына активдүү кызыгып жатасыздар. Депозиттерге салынган каражаттарыңыз мамлекеттин ишенимдүү коргоосунда. 2008-жылдан бери Кыргызстанда жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин депозиттерин коргоо жөнүндө мыйзам иштеп жатат. 2025-жылы коммерциялык банктардагы депозиттик база 605 миллиард сомдон ашты, анткени буга саясий жана экономикалык туруктуулук себеп болууда. Айыл Банк, Бакай Банк, Мбанк, Элдик Банк жана ЭкоИсламикБанк — исламдык каржылоо принциптеринин негизинде депозиттерди тартуулап келүүдө. Депозиттер боюнча пайыздык чендер азыр 17% — 18% түзөт”, — деп бөлүштү Кадырбек Букуев.
Ал кошумчалагандай, Кыргызстандын банк системасы туруктуу өнүгүп жатат; акыркы жолу банктын лицензиясын жокко чыгаруу 10 жылдан ашык убакыт мурун болгон. Банк жабылган учурда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 30 күндүн ичинде пайыздарды кошкондо 1 миллион сом компенсация төлөйт.





8-апрелден 15-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиги бир апта республиканын жогорку окуу жайларында конок лекцияларын, Ачык эшиктер күндөрүн, викториналарды жана сынактарды өткөрөт.
Финансы жарманкеси менен катар 8-9-апрелге чейин агенттиктин өкүлдөрү Баткен облусунда Баткен мамлекеттик университетинде жана өнөр жай колледждеринде конок лекцияларын өткөрүшөт. 9-апрелде ЖАГУда жана Жалал-Абад облусунун Эл аралык университетинде ААК «Элдик Банк» менен биргеликте конок лекциялары өтүүдө.


Global Money Week — бул каржы дүйнөсү жөнүндө көбүрөөк билүү, эксперттерге суроолорду берүү жана өзүңүз жана үй-бүлөлүк бюджетиңиз үчүн пайдалуу чечимдерди табуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ОЭСР) финансылык билим берүү боюнча эл аралык тармагынын демилгеси менен бүткүл дүйнө жүзү боюнча өтөт.


«Глобалдуу акча жумалыгы-2025» иш-чараларынын алкагында сүрөттөр Facebook https://www.facebook.com/depositkg/ жана Instagram https://www.instagram.com/deposit_kg/ социалдык тармагындагы расмий баракчаларыбызда.