Кыргыз Республикасынын аудитордук компанияларына
Кыргыз Республикасынын Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары — Агенттик) тышкы аудитти жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордук уюмду жыл сайын аныктоо, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Агенттиктин жүргүзгөн аудитинин натыйжаларын алуу максатында тышкы аудиттин кызмат көрсөтүүлөрүн жыл сайын сатып алат.
Тышкы аудит кызматтарынын баасына мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн 2025-жылга карата финансылык отчеттуулуктун аудитинин жана ИТ аудитинин баасы боюнча сунуштарыңызды deposit@deposit.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү суранабыз.
Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 28-апрели.
Агенттиктин финансылык отчетуна аудит жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордук компанияга карата минималдуу талаптардын тизмеси менен тышкы аудит кызматтарын сатып алуу боюнча техникалык шарттарды, ИТ аудитти жүргүзүү үчүн техникалык талаптарды жана Агенттиктин финансылык отчеттуулугун Агенттиктин расмий сайтынан – www.deposit.kg көчүрүп алса болот.
Тиркемеде:
* 2025-жылга Агенттиктин тышкы аудитинин техникалык талаптары;
* Агенттиктин ИТ аудит өткөрүүгө болгон техникалык талаптары.