[:ru]
Национальный банк Кыргызской Республики сохранил учетную ставку на уровне 4,25 процента
Правление Национального банка Кыргызской Республики 27 января 2020 года приняло решение сохранить учетную ставку (ключевую ставку) на уровне 4,25 процента. Решение вступает в силу с 28 января 2020 года.
Инфляция в Кыргызской Республике остается низкой, демонстрируя умеренную восходящую динамику в пределах ожиданий Национального банка. В январе 2020 года (на 17 число) инфляция составила 2,8 процента в годовом выражении. Прирост цен на продовольственные товары, в частности, на фрукты и овощи и молочные изделия оказывают дополнительный вклад на динамику общего уровня цен с начала текущего года.
Формирование инфляции в течение 2020 года будет зависеть во многом от ситуации на мировых товарно-сырьевых рынках и экономической ситуации в странах-торговых партнерах Кыргызской Республики. Тенденции на глобальных и региональных рынках продовольствия в ближайшие периоды продолжат постепенный рост.
Денежно-кредитная политика Национального банка в 2020 году будет нацелена на удержание уровня инфляции в пределах среднесрочного целевого ориентира – не выше 5-7 процентов.
Сохраняется экономическая активность в Кыргызской Республике. Основные сектора экономики продолжают вносить положительный вклад в экономический рост страны. При этом тенденция снижения притока денежных переводов в страну остается одним из сдерживающих факторов внутреннего спроса.
В монетарном и финансовом секторах экономики сохраняются основные тенденции, заложенные в 2019 году. Краткосрочные процентные ставки на денежном рынке находятся в пределах установленного Национальным банком процентного коридора, преимущественно вблизи ключевой ставки.
Продолжается наращивание кредитного портфеля и увеличение депозитной базы коммерческих банков, главным образом, в национальной валюте. Уровень долларизации экономики достиг исторически минимальных значений.
Предпосылки развития внешней среды и складывающиеся внутренние условия предопределяют инфляционную динамику в течение 2020 года на уровне, не превышающего диапазон целевых значений по инфляции в 5-7 процентов, при отсутствии каких-либо внешних и внутренних инфляционных шоков. В этой связи принято решение сохранить размер учетной ставки.
Решения по ключевой ставке принимаются с учетом фактического уровня и прогнозируемой динамики инфляции относительно целевого ориентира, а также развития экономики. В случае возникновения рисков со стороны внутренних и внешних условий Национальный банк может рассмотреть возможность корректировки проводимой денежно-кредитной политики.
Информационная справка:
Следующее заседание Правления Национального банка Кыргызской Республики по вопросу о размере учетной ставки состоится 24 февраля 2020 года.
Подробнее: https://www.nbkr.kg/newsout.jsp…[:KY]
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде сактап калды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 27-январында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2020-жылдын 28-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасындагы инфляция Улуттук банк тарабынын күтүлгөн чектеги орточо жогорулаган динамиканы көрсөтүү менен төмөн деңгээлде сакталууда. 2020-жылдын январь айында (17-январга карата) инфляция жылдык мааниде 2,8 пайызды түзгөн. Азык-түлүк товарларына, анын ичинде, мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга, сүт азыктарына баалардын өсүшү өтүп жаткан жылдын башынан тартып жалпы баа деңгээлинин динамикасына кошумча салымын кошкон.
2020-жыл ичинде инфляциянын түптөлүшү көбүнчө дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы жагдайга жана Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндөгү экономикалык абалга көз каранды болушу күтүлөт. Мында глобалдык жана регионалдык азык-түлүк рынокторундагы тенденциялар жакынкы аралыкта акырындык менен жогорулоо улантышы болжолдонот.
Улуттук банктын акча-кредит саясаты 2020-жылы инфляция деңгээлин орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыздан ашпаган чекте кармап турууга багытталган.
Учурда Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүк сакталып турат. Экономиканын негизги секторлору өлкө экономикасынын өсүшүнө оң салымын кошууну уланткан. Ошол эле учурда өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсү төмөндөгөн тенденция ички суроо-талапты ооздуктаган факторлордун бири болуп калууда.
Экономиканын монетардык жана финансы секторлорунда 2019-жылы белгиленген негизги тенденциялар сакталып калган. Акча рыногундагы кыска мөөнөттүү пайыздык чендер Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чек алкагында, негизги ченге жакын деңгээлде катталган. Ошондой эле коммерциялык банктардын, негизинен, улуттук валютадагы кредит портфелинин жана депозиттик базасынын көбөйүшү улантылып жатат. Экономиканын долларлашуу деңгээли буга чейин калыптанган минималдуу деңгээлге чейин жеткен.
Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрү жана түзүлгөн ички шарттар, кандайдыр бир тышкы жана ички инфляциялык таасирлер болбогон учурда, 2020-жыл ичинде инфляция динамикасынын максаттуу көрсөткүчтөн – 5-7 пайыз чегинен ашпаган деңгээлде сакталышын болжолдойт. Ушуга байланыштуу эсептик чен өлчөмүн сактап калуу чечими кабыл алынган.
Негизги чен боюнча чечимдер инфляциянын айкын деңгээлин жана максаттуу көрсөткүчкө карата болжолдонуп жаткан инфляция динамикасын, ошондой эле экономиканын өнүгүшүн эске алуу менен кабыл алынат. Ал эми ички жана тышкы шарттардан улам тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы мүмкүн.
Маалымат үчүн:
Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын кийинки отуруму 2020-жылдын 24-февралында өтөт.
https://www.nbkr.kg/newsout.jsp?item=31&lang=KGZ&material=96462[:]