[:ru]
Вниманию потребителей финансовых услуг!
https://www.nbkr.kg/newsout.jsp?item=31&lang=RUS&material=97548
В связи с введением чрезвычайного положения на территориях гг. Бишкек, Ош и Джалал-Абад, Ноокатского, Кара-Суйского районов Ошской области и в Сузакском районе Джалал-Абадской области Национальный банк Кыргызской Республики (далее – Национальный банк) напоминает гражданам о необходимости соблюдения профилактических мер во избежание распространения коронавирусной инфекции.
В условиях чрезвычайного положения Национальный банк продолжит работу по рассмотрению обращений граждан. Однако для минимизации рисков, связанных с необходимостью посещения общественных мест, потребители финансовых услуг могут обратиться в Национальный банк или его территориальные подразделения через дистанционные каналы, направив электронные обращения на электронную почту, адреса которых указаны ниже.
При направлении обращения на электронную почту заявителям необходимо в обязательном порядке указать свою фамилию, имя, отчество (при наличии), контактный телефон (домашний, мобильный или рабочий), адрес проживания и изложить суть обращения. По возможности приложить электронные копии документов.
Национальный банк в течение 3 (трех) рабочих дней после получения электронного обращения направит заявителю, обратившемуся с электронным обращением, электронное сообщение-уведомление о принятии обращения к рассмотрению с указанием даты и времени поступления, присвоенного входящего номера и соответствующих контактных телефонов или об отказе в рассмотрении обращения с обоснованием причин отказа.
По результатам рассмотрения электронного обращения заявителю дополнительно к электронному ответу будет также направлен ответ в письменном виде по адресу, указанному в обращении.
Для получения необходимой оперативной информации по вопросам защиты прав потребителей финансовых услуг граждане могут обращаться по телефонам.
Наименования управлений | Код города и номер телефона | Адрес электронной почты |
Центральный аппарат Национального банка | 0(555) 85 57 48 0 (770) 73 73 49 (0312) 61 04 86 (0312) 61 52 78 | mail@nbkr.kg |
Ошское областное управление | (03222) 48434 (03222) 48375 | jsydykov@nbkr.kg |
Нарынское областное управление | (03522) 50442 (03522) 50472 | uduyshenaliev@nbkr.kg |
Иссык-Кульское областное управление | (03922) 51251 (03922)51247 | ftartykov@nbkr.kg |
Джалал-Абадское областное управление | (03722) 23884 | hakimbekov@nbkr.kg |
Таласское областное управление | (03422) 52270 (03422) 52077 | iestebesov@nbkr.kg |
Представительство в Баткенской области | (03622) 50446 | arazakov@nbkr.kg |
[:KY]
Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Жалал-Абад областынын Сузак районунун аймагына өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) жарандарга коронавирус инфекциясын андан ары жайылтуу тобокелдигинен алыс болуу үчүн алдын алуу чараларын бекем сактоо зарылдыгы тууралуу эскертет.
Өзгөчө абал режими киргизилген шартта дагы Улуттук банк жарандардын кайрылууларын кароо иштерин улантып жатат. Ошентсе дагы, коомдук жайларга баруу зарылдыгы менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр Улуттук банкка же анын аймактык бөлүмдөрүнө өз кайрылууларын электрондук почтага жөнөтүү менен электрондук түрдө кайрыла алышат. Даректери төмөндө көрсөтүлгөн.
Электрондук почтага кайрылуу жөнөткөн учурда, кайрылып жаткан адам милдеттүү түрдө өзүнүн аты-жөнүн (толук), байланышуу үчүн телефон номерин (үй, мобилдик же жумуш), жашаган жеринин дарегин көрсөтүүгө жана кайрылуунун мазмунун чагылдырууга тийиш. Мүмкүн болсо документтердин көчүрмөлөрүн дагы тиркеп коюуга болот.
Улуттук банк электрондук түрдө кайрылууну алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде электрондук почта аркылуу кайрылган адамга кайрылуу келип түшкөн күнүн жана убактысын, ага берилген кириш каттоо номерин, байланышуу үчүн тиешелүү телефон номерлерин көрсөтүү менен кайрылуу кароого кабыл алынгандыгы же себебин негиздөө менен кароодон баш тартылгандыгы тууралуу электрондук билдирүү жөнөтөт.
Электрондук түрдө жөнөтүлгөн кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине электрондук жооп берүүдөн тышкары, кайрылууда көрсөтүлгөн дарек боюнча кат жүзүндө кошумча жооп жөнөтүлөт.
Жарандар финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрыла алышат.
Башкармалыктын атылышы | Шаар коду, телефон номерлери | Электрондук почтанын дареги |
Улуттук банктын борбордук аппараты | 0(555) 85 57 48 0 (770) 73 73 49 (0312) 61 04 86 (0312) 61 52 78 | mail@nbkr.kg |
Ош областтык башкармалыгы | (03222) 48434 (03222) 48375 | jsydykov@nbkr.kg |
Нарын областтык башкармалыгы | (03522) 50442 (03522) 50472 | uduyshenaliev@nbkr.kg |
Ысык-Көл областтык башкармалыгы | (03922) 51251 (03922)51247 | ftartykov@nbkr.kg |
Жалал-Абад областтык башкармалыгы | (03722) 23884 | hakimbekov@nbkr.kg |
Талас областтык башкармалыгы | (03422) 52270 (03422) 52077 | iestebesov@nbkr.kg |
Баткен областындагы өкүлчүлүк | (03622) 50446 | arazakov@nbkr.kg |
[:]