ДЕПОЗИТТЕРДИ КОРГОО ФОНДУ
Депозиттерди коргоо фонду (мындан ары – Фонд) — “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мүчөлүк акылардын эсебинен түзүлгөн жана ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда жана тартипте депозиттерди коргоо боюнча Агенттик тарабынан башкарылып жаткан фонд.
Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу багыты — “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленүүчү Фондунун каражаттарынын суммасына банктар-катышуучулардын, микрофинансылык компаниялар-катышуучулардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялар-катышуучулардын кепилденген депозиттеринин жалпы суммасына карата катыш катары эсептелип чыгарылуучу Фондунун жетиштүүлүк көрсөткүчүнүн багыты.
Фонддун өлчөмүн жана банктар-катышуучулардын мүчөлүк акыларын, жеке адамдардын (резиденттердин жана резидент эместердин) банктагы депозиттеринин түзүмү, депозиттик эсептердеги калдыктар (анын ичинде чет өлкө валютасындагы депозиттер) жана коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматтарды аныктоо үчүн аманатчылардын (кардардын) саны колдонулат. Мында аманатчылардын (кардарлардын), анын ичинде калдыктары нөлдүк эсеп ээлеринин жалпы саны эске алынат. Эгерде аманатчынын бир банкта бирден ашык эсеби болсо, анда бул эсептердеги каражаттар жыйынтыкталып, бир эсеп катары каралат. Эсептешүү үчүн пайдаланылган жеке адамдардын депозиттеринин суммасы жеке адамдардын депозиттик эсептериндеги суммалардан турат.
Кепилденген учур – “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Улуттук банк тарабынан банктын, микрофинансылык компаниянын же турак жай-сактык кредиттик компаниянын лицензияларынын кайтарып алынышы.
Фондду калыптандыруу
Депозиттерди коргоо фондун (мындан ары — ДКФ) каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
— “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жана банк-катышуучулар, микрофинансылык компания-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулар төгүп келген мүчөлүк акылар;
— Министрлер Кабинети тарабынан салынган мүчөлүк акылар;
— Агенттик тарабынан бош каражаттарды жайгаштыруудан алынчу пайыздык жана инвестициялык кирешелер;
— “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык банктарды, микрофинансылык компанияларды жана турак жай-сактык кредиттик компанияларды жоюунун натыйжасында алынган акча каражаттары;
— банк-катышуучулар, микрофинансылык компания-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулар төлөгөн айыптар жана туумдар;
— жардам катары алынуучу жана кайтарылууга жатпаган акча каражаттары;
— Министрлер Кабинетинин кепилдиги алдында рыноктук карыз алуулар;
— Министрлер Кабинети тарабынан берилген кредиттер;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка каражаттар.