Банкрот банктын, банкрот микрофинансы компаниясынын жана банкрот турак жай-сактык кредиттик компаниясынын аманатчыларына компенсацияларды төлөп берүү процессине даярдык көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин иши
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары — Агенттик) Кыргыз Республикасынын банктарында, микрофинансылык компанияларында жана турак жай-сактык кредиттик компанияларында жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин депозиттерин коргоо системасынын ишин камсыз кылуучу мамлекеттик мекеме, анын иши финансылык туруктуулукту камсыз кылууга жана калктын банк тутумуна болгон ишенимин колдоого багытталган.
Агенттиктин негизги функцияларынын бири депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын аманатчыларына 30 күндөн кечиктирбестен 1 000 000 сомго чейинки өлчөмдө компенсацияларды төлөп берүү болуп саналат.
Учурда агенттик ”Манас Банк“ ЖАК банкрот болгон банктын аманатчыларына компенсацияларды төлөп берүүнү улантууда.
Банкрот банктын, банкрот микрофинансылык компаниянын жана банкрот турак жай-сактык кредиттик компаниясынын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу максатында Агенттик компенсацияларды төлөө процессин автоматташтыруу боюнча программалык камсыздоону жана аларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун тестирлөөнүн үстүндө иштеп жатат.
Депозиттерди коргоо боюнча агенттик депозиттерди коргоо системасынын бардык катышуучулары менен компенсацияларды төлөп берүү процессин автоматташтыруу үчүн программалык камсыздоону тесттирлөө ишин жүргүзүп жатат. Бул депозиттерди коргоо системасынын катышуучусунун аманатчылары жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жоюучу тарабынан берилген маалыматтарды сапаттуу текшерүүгө, банк-агент үчүн аманатчылардын тизмесин даярдоого жана андан төлөмдөр боюнча отчетторду алууга, ар кандай аналитикалык дайындарды ж.б. алууга багытталган иш.
Депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары менен программалык камсыздоону тестирлөөнүн жүрүшүндө талаптарга ылайык файлдар ийгиликтүү сыноодон өттү.
Мындан тышкары, программалык камсыздоо депозиттерди коргоо системасынын жаңы мүчөлөрүн – микрофинансылык компанияларды жана турак жай-сактык кредиттик компанияларды кошуу жолу менен өркүндөтүлдү, анткени “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясына ылайык депозиттерди коргоо системасын кулачы кеңейтилди.
Ошентип, Агенттик депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары менен банкрот банктын, банкрот микрофинансы компаниясынын жана банкрот турак жай-сактык кредиттик компаниясынын аманатчыларына компенсацияларды төлөп берүү процессин автоматташтыруу үчүн программалык камсыздоону тестирлөө боюнча иштерди улантат.