14-июнда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери «Доскредобанк» ААКсынын фронт-офисинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүштү. “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү, калктын банк тутумуна болгон ишеним деңгээлинин өсүшү, Агенттик жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары менен мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн тууралуу жагымдуу маек болду.