2023-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев “Маанилуу майек” программасынын түз эфирине чыгып, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) журналисттеринин жана көрүүчүлөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Кадырбек Букуев Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 2008 жылы түзүлгөнүн, Агеннтиктин негизиги милдети Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасынын иштешин камсыз кылуу болуп саналарын, 2023-жылдын 1-июлуна карата Депозиттерди коргоо фонду 5 157, 6 млн сом болгонун жана депозиттер коргоо системасынын реестринде 324 филиалы бар 23 банк, бир микрофинансылык жана турак жай-сактык кредиттик компания катталганын айтып берди.
Банка катышуучуларды депозиттери жана эсептешүү бетэсептери бар, кепилденген коргоого алына турган аманатчылардын жалпы саны — 6 006 089. Ошондой бир эле аманатчынын ар кайсы банктарда бир нече эсеби болушу мүмкүн жана аманатчылардын көбү Бишкекк шаарында жайгашканын белгилеп кетти.
Теле берүүнүн жүрүшүндө К. Букуев 2023-жылдын 10-июнунан тартып, “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргенин, ага ылайык кепилденген учур келгенде, депозиттер боюнча пайыздарды кошкондо, аманатчыга 1 млн сомдон ашпаган компенсация төлөнүп берилерин, тактап айтканда, 200 миң сомдук кепилденген сумма 5 эсе көбөйгөнүн жана азыркы учурда ал 1 млн сомду түзгөнүн жана Кыргыз Республикасынын банктарында депозиттери бар Кыргызстандын бардык аманатчылары коргоого алына тургандыгы тууралуу баса белгиледи.
Кадырбек Букуев өзүнүн сөзүнүн аягында Кыргызстандын бардык тургундарын өзүнүн акчалай каражаттарын банктарда сактоого чакырды, анткени Мамлекет, анын атынан иштеген Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик аркылуу 1 млн сомго чейинки аманаттарга кепилдик берет.